Балдардын тамактануусу талаптагыдай болушу шарт

23-10-2019 15:22

Депутат Махабат Мавлянова, - “Башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамакты уюштурууда бюджеттен каралган каражаттан тышкары, донор уюмдардын колдоосу менен ата – энелердин көмөгү жакшы эле жардам болуп жатат”, - дейт бүгүн, 23 – октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп.  

Эл өкүлүнүн айтымында, балдардын тамактануу рационунда муздак тамак – ашка караганда, ысык тамактын болушу алдаканча пайдалуу. Себеби, ысык тамактын калориялуулугу, витаминдүүлүгү 45%га жогору. Калория дегендин өзү организмдин тамак – аш аркылуу алган энергиясы.

Балдардын тамактануусуна, - деп каралган  республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат азырынча өзгөрүүсүз кала берүүдө. Демек, ал жетишсиз. Ошондуктан, ата – энелердин колдоосу менен эл аралык донор уюмдардын көмөгү өз маанисин жоготпойт, - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле депутат, - мектептердин өздүк чарбалары болсо, азыктардын ассортименти артмактыгын айтып, бул бир гана тамак түрүн көбөйтүүгө эмес, балдардын эмгекке каныгуусун да шарттамак, - деп эсептейт.

Социалдык мекемелердин катарындагы балдар үйлөрү менен карылар үйлөрүндөгүлөрдүн тамактануусун да көзөмөлдөй турган иш чаралар колго алынышы керектигин белгилеген депутат М.Мавлянова, - бул багытта көзөмөлдөөчү топтордун иш – милдеттери тууралуу да кошумча маалыматтар менен тааныштырды.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 367

Окшош жаңылыктар