ЖАҢЫЛЫКТАР 22.10.19.

22-10-2019 08:35

Бүгүн, 22 – октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет кезектеги олтурумун “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам  долбоорун кароо менен баштайт. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  сунушталып жаткан өзгөртүүлөр депутаттар тобу тарабынан демилгеленүүдө. Анын мааниси менен депутат Акылбек Жапаров тааныштырмакчы. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев баяндама жасай турган тема “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнө байланыштуу болмокчу.

Республикадагы алтын өндүрүү жылына 18-20 тоннаны түзгөн менен бир катар көйгөйлөр коштогон бул тармакты мыйзамсыз схемалардан бошотуу керек. Алардын бири “көмүскө экономика”, - дейт депутат Экмат Байпакбаев парламенттик угууда.

                   СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ  

Айыл өкмөттөрүнө теӊдөөчү гранттарды бөлүүнүн жаӊы механизми тез арада иштелип чыгуу керек. Бул тууралуу Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев өз оюн ортого салып, Өкмөт менен тармактык министрликтин ишин сынга алды.

                 СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Дарыканаларда сатылып жаткан  мөөнөтү эбак өтүп кеткен дары-дармектер эмнеге сатыктан алынып салынбай жатат? Мамлекеттин кепилдиги маанилүүбү, же элдин саламаттыгыбы? – деген суроого жооп күткөн депутат Аида Исмаилова Өкмөт муну тыкыр көзөмөлгө алып, тезинен токтотпосо болбой калды, - дейт.

                 СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Жылдыз Мусабекова алыскы Ат – Башы районундагы элди тейлөөдө тез жардам унаасы тартыштыгын айтып, шарты татаал аймактагы элдин ден соолугуна биринчи кезекте кам көрүү керектигин эскертти.

                СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА  

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22 - октябрда Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 13...18, Талас:12...17, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 16…21; Ысык-Көл:10...15, Нарын: 11…16  градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо -2…сууктан +3 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн,  22 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 45

Окшош жаңылыктар