Адамдын туура тамактануусу - ден соолуктун кепилдиги

21-10-2019 17:34

Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору бүгүн, 21 – октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин олтурумунда үчүнчү окууда жактырылды.

Долбоордун чегинде балдардын гигиеналык жүрүм – туруму, колду таза күтө билүүсүүнөн тартып, туура тамактануусуна чейин кылдат көңүл бурулат. Бул багытка тиешелүү 149 технологиялык карта иштелип чыккан.

Мектеп ашканаларынын шартын жакшыртып, канализация системаларын жолго коюу – мыйзам долбоорунун дагы бир аспектиси.

Талкууда депутат Тариел Жоробеков мектептердин чарбалык иштерин жолго коюу канчалык деңгээлде өнүгүп жаткандыгына кызыкты. Бул суроого жооп берген КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын маалымдашынча, учурда жалпы республика боюнча мектептердин 65%ында өздүк чарбалар иштеп жатат. Аларды иштетүүдө балдардын эмгек күчү колдонулбайт. Бул багытта атайын жыйындарда маалымат берилет, - деди тармактык министрликтин өкүлү. 

Ушул эле өздүк чарбалар тууралуу теманы улаган депутат Евгения Строкова мектеп окуучуларынын чарбалык иштерге аралашуусу алардын мээнетке бышуусуна жардам берерин белгиледи.

Депутат Жанарбек Акаев, - регионлордогу өздүк өнүмдөрдү колдонууга шарттар түзүлсө жакшы болмоктугун айтып,  - "Мыйзам долбоорундагы компот деген суусундуктун катарына сироп азыгын да кошуп койсо", - деген ишкерлердин сунушун кошумчалады.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 147

Окшош жаңылыктар