Депутат Альфия Самигулина: “Кесиптик бирлик ээлик кылган Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондун Өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү керек”

21-10-2019 17:35

Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, депутат Альфия Самигулина буга чейин Кесиптик бирлик ээлик кылып келген Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондун Өкмөттүн карамагына өткөрүү маселесин карап көрүү сунушун берди.

Депутаттын пикиринде, баардык башаламандыктардын баары дал ушул жерде турат. “Ден-соолукту чыңдоо жайлары менен фонд экөө бир колдо болуш керек деген Кесиптик бирликтин пикирине кошулууга болбойт. Кесиптик бирлик сыяктуу эле Милдеттүү камсыздандыруу фонду менен Саламаттык сактоо министрлигинде да коррупция тамырлашып кеткен, ошондуктан аны Өкмөттүн өзүнө бериш керек, ансыз тартип болбойт”, - деди Альфия Самигулина.

Белгилей кетсек, “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам мындан 20 жыл мурда кабыл алынгандыктан, анын көптөгөн жоболору азыркы учурдан талабына жооп бербей калды. Ошондон улам, депутаттар тобу жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал биринчи окууда кабыл алынган.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 119

Окшош жаңылыктар