Депутат Нурбек Алимбеков: «Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо багытындагы фонддордун каражаттары максаттуу пайдаланылышы керек»

21-10-2019 15:00

Бүгүн, 21-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбековмындай пикирин комитеттин кезектеги жыйынында билдирди.

Комитеттин жыйынында Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоого багытталган «Ысык-Көл биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдылоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө»  мыйзам долбоору менен Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  мыйзам долбоору бир топтомдо каралып, 1-окууда жактырылды.

Жыйын жүрүшүндө аталган комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо багытында 3 фонд иш алпарып жаткандыгына токтолуп, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн бул фонддордо жалпысы  бир миллиард чамасында каражат бар экенин тактады.

Депутат Н.Алимбеков бул каражаттарды максаттуу пайдалануу керектигин баса белгилеп, анын негизинде Ысык-Көлдүн генералдык планы, керек болсо облустагы ар бир айылдын өнүгүү пландары түзүлүшү керектигин айтты. Ошону менен катар республика аймагында, айрыкча, Бишкек шаарынын тегерек четиндеги бир катар эс алуу жайлары саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды колдонуп келе жатканын билдирип, андай курулмалардын мисалында көл жээгиндеги эс алуу жайларына да курулмалар салынып саркынды суулар тазаланышы керектигин баса белгиледи. Комитет төрагасы бул багытта тиешелүү мамлекеттик мекемелердин алпарып жаткан иштерине канааттанбагандыгын кошумчалады.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 298

Окшош жаңылыктар