Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоого багытталган мыйзам долбоорлорунун топтому жактырылды

21-10-2019 14:41

Бүгүн, 21-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоого багытталган «Ысык-Көл биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдылоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө»  мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Жогорку Кеӊеш депутаттары Э. Байбакпаев, Б. Турусбеков, А. Жээнбеков, Б. Субанбеков, А. Эргешов, А. Назаров, И. Матраимов, А. Исмаилова, П. Тулендыбаев, К. Баймуратов, А. Дюшалиев, А. Акматов, И. Гаипкулов, А. Султанов жана М. Жеенчороев.

Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаев аталган мыйзам долбоорлорунун концепциясы менен тааныштырды.

Мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн суу ресурстарына жана экосистемасына агып келип жаткан булганыч суулардын (калктуу конуштардын, рекреакциялык обьектилердин жана ар кандай чарба субьектилеринин, анын ичинде коомдук тамактануу ишканалары менен автоунаа жуучу жайлардын колдонгон таза эмес сууларынын) терс таасиринен коргоого багытталган.

Комитеттин баардык мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоого алышты. Депутат Абылкайыр Узакбаев сунушталган долбоорго Ысык-Көл биосфералык аймагында полиэтилен пакеттерин колдонууга тыюу салуу маселесин камтууну, моторлуу кайыктардын маселесин дагы чечүүнү сунуш кылды. Облус аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды оӊдоп-түзөө же кайра куруу маселери белгиленди. Комитет төрагасы Нурбек Алимбеков баардык иш-чаралар барып-барып каражатка такала тургандыгын айтып, Ысык-Көлдү коргоо максатында түзүлгөн фонддордун каражаттарын максаттуу пайдалануу зарылдыгын баса белгиледи. Депутат Мирлан Бакиров талкууланып жаткан же дегеле эле Ысык-Көлгө байланыштуу мыйзамдарда Ысык-Көл аталышы орусча, кыргызча варианттарында ар кандай берилип жүргөндүгүн белгилеп, бир түрдүү эле Ысык-Көл деп атоого алып келүү керек дейт.

Жыйында аталган мыйзам долбоору менен бир топтомдо сунушталган Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, КР Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  мыйзам долбоору дагы каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунда «капиталдык курулуш», «саркынды сууларды тазалоочу курулма» терминдерине так аныктама берилип, экологиялык талаптарды катаалдаштырууга багытталган ченемдер киргизилүүдө. Ошону менен катар КР Жоруктар жана Жазык кодекстерине рекреакциялык обьектилерди саркынды сууларды тазалоочу курулмаларысыз иштетүүгө кабыл алгандыгы үчүн жана суу обьектилерин булгагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча толуктоо киргизилүүдө.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 287

Окшош жаңылыктар