ММК фондунун 2018-жылдагы бюджеттик көрсөткүчү: кирешелер боюнча 14 млрд 776 млн сомду түзсө, чыгашалар боюнча 14 млрд 209 млн сомду түзгөн

21-10-2019 14:01

Бул тууралуу Жогор Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

ММК фондунун төрайымы Элнура Боромбаеванын айтымында, ММК фондунун бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүн төмөнкүлөр түздү: кирешелер боюнча 14 млрд 776 млн сомду түздү, божомолдоо боюнча 14 млрд 818 сом болгон, ал эми чыгашалар боюнча 14 млрд 209 млн сомду түздү, божомолдоо боюнча 14 млрд 340 сом болгон.

Андан тышкары, республикалык бюджеттен келип түшкөнү, мамлекеттик камсыздандырууга арналган сумма 10 млрд 466 млн сомду түзгөнү, божомол боюнча 10 млрд 566 млн сом экени белгилүү болду. Ал эми Социалдык фонд ММК фондунун бюджетине 2 млрд 328 млн. сом берген. Ошондой эле, эл аралык каржы донорлорунун каражаттары да тартылып жатканы белгилүү болду.

Депутат Аида Исмаилова медициналык жардам алууга кайрылган жарандардын санына, алардын ичинен камсыздандырууга жаткан адамдардын санына кызыкты.

Баяндамачынын айтымында, эл каттоо маалыматына ылайык, Кыргызстандын 5 млн 800 миӊ калкы бар, анын ичинде 64 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандырууга жатат, мындайча айтканда, 3 млн адамдын медициналык камсыздандыруу полиси бар.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 250

Окшош жаңылыктар