Тармактык комитеттин бир катар мүчөлөрү тармактык эмес жогорку окуу жайларында медициналык факультеттерди ачууга каршы пикирлерин билдиришти

21-10-2019 13:52

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын ишин жөнгө салган мыйзамдар Бюджеттик кодекске шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясын жактырды.

Баяндамачынын айтымында, мыйзам долбоору аркылуу «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

“2017-жылдан тарта  күчүнө кирган Бюджеттик Кодексте бюджеттик тутумдун түзүмү төрт бюджеттен түзүлөрү белгиленген, анын ичинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине да орун берилген. Ошондон улам, Соцфонд менен ММК фондунун бюджеттеринин ортосундагы каржылык башкаруу мамилелерин жөнгө салуунун укуктук негиздери белгиленүүдө”, - деди ал.

Андан тышкары, ашыкча кайталанма туюндурмалар алынып салынганы белгилүү болду. Ошондой эле, айрым түшүнүктөр менен программаларды бир кыйла тагыраак белгиленди.

Тармактык комитеттин бир катар мүчөлөрү тармактык эмес жогорку окуу жайларында медициналык факультеттерди ачууга каршы пикирлерин билдиришти. “Эгер айрым Айыл чарба академиясы сындуу жогорку окуу жайлары медициналык адистерди даярдагысы келсе, аларга лицения берилеби же берилбейби?”, деген собол салды депутат Эмил Токтошев.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев эгерде клиникалык базасы талапка жооп берсе, анда аларга лицензия берүүдөн баштартууга эч негиз жок. “Лицензия Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилет”, - деди ал.

Депутаттар лицензияны Саламаттык сактоо министрлиги бериши керектигин айтышты. Ал эми депутат Мурадыл Мадеминов Медакадемияны өнүктүрүүгө бардык көңүл буруу зарыл экенин белгиледи. “Медициналык факультеттерди көрүнгөн жогорку окуу жайларында ача берип, адистердин деңгээлин түшүрүп жибердик. Мыйзамга өзгөртүү киргизип, адистерди бир жерде даярдашыбыз керек”, - деп кошумчалады ал.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 92

Окшош жаңылыктар