«2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуу жыйынтыгында резолюция кабыл алынды

18-10-2019 17:16

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Парламенттик угууга келген айыл өкмөт башчылары 2020-жылдын бюджетинин долбоорунда теӊдөөчү гранттын көлөмү азайып жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришти. Ал эми жогорку окуу жайдын окутуучулары маяналарын көтөрүү боюнча өтүнүчтөрүн ортого салышты. Иш-чарага келген онкологиялык оорулар менен ооругандардын көйгөйлөрү менен алектенген коомдук уюмдар мыйзам чыгаруу жана аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн дары-дармектердин баасын жөнгө салууну талап кылышты. Саламаттыкты сактоо боюнча коомдук уюмдардын өкүлдөрү бул тармактын бюджетин кыскартууга жол берилбеши керектигин баса белгилеп, каржы булактарын табууга бир катар мисалдарды келтиришти.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев айыл өкмөттөрүнө теӊдөөчү гранттарды бөлүүнүн жаӊы механизмин иштеп чыгуу боюнча берилген тапшырманы тездетүүгө чакырды. Талкууда көтөрүлгөн дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча парламент трибунасы тарабынан бир нече ирет маселе көтөрүлгөнүн айткан комитет төрагасы Өкмөт менен тармактык министрликтин ишин сынга алды.

Талкуу жыйынтыгында парламенттик угууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен резолюция кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 619

Окшош жаңылыктар