Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 18.10.19.

18-10-2019
08:31

Бүгүн, 18 – октябрда Бюджет жана финансы боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Иш чараны уюштурууга БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоору колдоо көрсөтүүдө. Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Ушул эле 18 – октябрь күнү депутат Экмат Байбакпаев башында турган депутаттык жумушчу топ парламенттин тармактык комитети менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуу боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Бул мыйзам долбоору менен металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинаждалган металлдарды жеткирүүнү жана экспортту гана эмес, аларды кайра иштетүү өнүмдөрдү да, тагыраак айтканда алардан даярдалган зергер буюмдарды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталат. Мыйзамдын долбоору кабыл алыса, Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда зергер буюмдарынын эң ири өндүрүшчүсү жана экспорттоочусу болуп калат.

Депутат Искендер Матраимов 2020 – жылдын бюджетин талкууган учурда алынуучу кирешенин канча пайызы айлык акы төлөөгө жумшалаарын тактады. Эл өкүлүнүн белгилешинче, аталган булактагы каражаттардын дээрлик 48%ы борбордук аппараттын айлыгын жабууга жумшалат.

                      СНХ.И.МАТРАИМОВ

Мугалимдерди материалдык жактан колдоо жакшы нукка өзгөрдү. Айлыктары 30%га жогорулады. Бирок, ал кайсы булактын эсебинен болуп жатканы элге маалым болушу керек, - дейт депутат Абдыбек Дүйшалиев.

                      СНХ.А.ДҮЙШАЛИЕВ

Канчалаган мамлекеттер желим бөтөлкөлөрдү колдонуудан баш тартып жатса, биздеги көрүнүш аны колдонуу эле эмес, калдыктарын ыргытып, кереметүү көлүбүздүн да көркүн бузган көрүнүштөр бар. Мындай жагдайга депутат Улукбек Ормонв кайрылды.

                      СНХ.У ОРМОНОВ

Экология темасын улаган депутат Алтынбек Жунус уулу Ысык – Көлдө колдонулуп жаткан суу транспорттунунун абалына токтолду. Эл өкүлүнүн айтымында, алардын арасында 1970 = жылдары чыккан катерлер дагы бар.

                     СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18 - октябрда Ысык - Көл областынын айрым райондорун эске албаганда, калган аймактарда жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир учурларда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 12...17, Талас:13...18, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 19…24; Ысык-Көл, Нарын: 8…13  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  18 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 15…17 градус жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...