Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.10.19.

17-10-2019
07:57

Бүгүн, 17 – октябрдагы олтурумун Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан баштайт. Андан тышкары бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору талданмакчы. Алардын катарында финансылык рынок чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору бар. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Уставына кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр да ратификациялык мыйзам долбоорлору аркылуу сунушталууда.  

Эртең, 18 – октябрда Бюджет жана финансы боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Иш чараны уюштурууга БУУӨП менен Швейцариянын Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоору колдоо көрсөтүүдө. Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Конституциялык палата Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген адамдардын өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөр Конституциянын 20-беренесине жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылган. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.

“Бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анын арты кандай болору азарынча белгисиз. Алтургай, башаламандык да болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик органдары да көзөмөлдөн четте калбашы керек. Конституциялык палата ушундай чечим чыгарыптыр деп эле Президент тарабынан кол коюлуп күчүнө кирген мыйзамды өзгөртө беребизби?”, - деди Рада Туманбаева.

                       СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Жалпысынан республика боюнча катталган 3294 диний уюмдар бар. Алардын 20сына тыюу салынган. Бирок, бул тууралуу маалыматтарды кайдан таап, окууга болоорун депутат Дастан Бекешев тактады.

                      СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Диний жаатта маданиятты көтөрүү керек. Мындай талаптын зарылдыгын депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин кечээки жыйынында билдирди.

                     СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

“Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын 46-беренесинин 8-пункту эгерде арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттерге чыгуусуна тыюу салынаарын белгилейт. Бирок, бул адам укуктары жана эркиндиктерине дал келбестигин маалымдаган Конституциялык палатанын мындай чечими менен аталган беренин 8 – пункту күчүн жоготту деп таанылууда. Талкууда депутат Исхак Масалиев бирөөдөн же банктан карызга акча алып чет өлкөгө качып кетсе, карыз берген адам менен банктын тагдыры эмне болот? – дейт.

                    СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Депутат Марлен Маматалиев болсо жарандык маселелерди бөлүп-бөлүп кароо керек, - деген ойдо.

                   СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17 - октябрда Чүй областынын айрым райондорун эске албаганда, калган аймактарда жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Чүй, Талас, Ысык – Көл областтарында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 16...21, Талас:15...20, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 19…24; Ысык-Көл, Нарын: 12…17  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  17 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 – 7 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 19…21 градус жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...