Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.10.19.

14-10-2019
08:40

Бүгүн, 14 – октябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да талкуу объектисине алынмакчы. “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да талданат.

Депутат Эльвира Сурабалдиева КСДП фракциясынын жыйынында, - бейтапканаларда жеке менчик ультра добуштук изилдөө, дарыканалар көбөйүп жатканын айтып, түшкөн каражаттардын эсеп – чоту алынаар – алынбастыгына кызыкты.

                           СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА

Депутат Карамат Орозованын пикиринде, аймактык мектептердеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюу үчүн жаш мугалимдерди турак – жай менен камсыздоо зарыл.  Кийин аны 10-15 жылдан кийин менчиктештирүүгө укук берилсе да жакшы шыктандыруучу колдоо болмок, - дейт эл өкүлү.  

                          СНХ.К.ОРОЗОВА

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Токтогул районуна көчмө жыйын өткөрүп, мектептердин абалы менен таанышып келген. Бул тууралуу депутат Улукбек Ормонов маалымдап, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн көмүскөдө калтырууга болбостугун айтты.

                         СНХ.У.ОРМОНОВ  

Жайыл районундагы Ново-Никалаевка айылындагы мектеп менен Кара-Балта шаарындагы №1 мектепте окуучулар ченемден ашыкча болгондуктан, кошумча корпус куруу зарылчылыгы жаралууда. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков аткаруу бийлигине талап койду.

                         СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14 - октябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 20...25, Талас:18...23, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 21…26;  Ысык-Көл:12...17, Нарын: 14…19  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  14 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 23…25 градус жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...