ЖАҢЫЛЫКТАР 11.10.19.

11-10-2019 09:00

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумунун учурдагы абалы, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, саламаттык сактоо чөйросүндө өткөрүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат КСДП фракциясынын бүгүнкү, 11 – октябрдагы жыйынында каралат. Алынган кредиттик жана гранттык каражаттардын иштелип чыгышы  боюнча суроолорго да жооптор алынмакчы. Иш чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү чакырылды. Андан тышкары депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун) таасиринен коргоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча депутат Айнуру Алтыбаева баяндама жасайт.

Башында 5, анан 10, кийин 50 жылга тыюу салынсын, - деп сунушталган уран, торий кендерин иштетүүгө бөгөт коюучу мыйзам долбоорунун соңку вариантында аталган кендин түрлөрүнө кол салууга таптакыр болбостугун тастыктоочу мыйзам долбоору сунушталган менен, майнабы маанисиз болуп келет. Себептери эмнеде болуп жаткандыгын тармактык комитет талдап көрдү. Микрофондо демилгечи депутат Алмамбет Шыкмаматов.

                        СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Камбар – Ата ГЭсинин резервуарларына, - деп каралган каражаттардан кур жалак калган үчүн же алардын убагында өндүрүлүп албагандыгына кайсыл тарап жооп берет? Бул суроону тармактык комитет ийне – жибине чейин талдады.

                       СНХ.К.РЫСПАЕВ 

2018 – жылдын бюджетинин аткарылышына келгенде бир топ сын пикирлер айтылууда. Мисалы, депутат Азамат Арапбаев, - “Транспорт министрлиги жолдорду оңдоого келгенде ишти баштап, бирок акырына чыгарбай ара жолго таштап койгон жол тилкелери бар. Буга каражаттын тартыштыгы себеп болдубу, же дагы башка негиздемелери барбы?”, - дейт.

                       СНХ.А.АРАПБАЕВ

Мигранттар менен иштөө кыйла татаал иш. Бирок, ага карабай Россия Федерациясындагы элчиликке иш аз келип олтургансып, Армениядагы мигранттар менен кызматташуу жумуштарынын артылышы канчалык адилеттикке жатат? Мындай суроонун жообу депутат Бахадыр Сулеймановду кызыктырды.

                     СНХ.Б.СУЛЕЙМАНОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 - октябрда Чүй, Ысык – Көл областтарынын көпчүлүк, ал эми Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:20...25, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 23…28; Ысык-Көл:15...20, Нарын: 14…19  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  11 – октябрда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 22…24 градус жылыйт.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 19

Окшош жаңылыктар