Кыргызстандын Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун курамына кошулушу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды

10-10-2019 14:39

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Аталган маселе боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Исхак Пирматов баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун максаттары мамлекет жана жеке секторлордун ортосунда жана өнүккөн жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу аркылуу өткөөл жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөрдүн экономикалык, экологиялык жана социалдык шарттарын түзүү жана жакшыртуу болуп саналат.

Ошондой эле, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун бардык сунуштары мүчөлөрдүн экономикаларынын бардык тармактарына милдеттүү жана мажбурлоочу мүнөзүндө болбой турганы белгилүү болду. Анын иши жашыл экономикалык өсүүгө багытталган долбоорлор үчүн финансылык каражаттарды мобилизациялоодо өкмөттөргө техникалык жардамдарды берүү менен айкалышат.

Жашыл өсүүнүн глобалдык институту төмөнкүдөй үч бирин-бири толуктаган жана интеграцияланган, жумушчу жүрүмү аркылуу түзүлгөн рынок экономикасы менен өлкөлөрдү жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдойт:

Жашыл өсүүнү пландоо жана ишке ашыруу;

Инвестициялык чечимдер жана зарыл болгон саясатты түзүү;

Аспаптар менен усулдарды, маалыматтарды берүү, талдоо, изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу ишенимдүү базаны берүү.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 694

Окшош жаңылыктар