ЖАҢЫЛЫКТАР 09.10.19.

09-10-2019 09:00

Бүгүн, 9 – октябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору болсо биринчи окууда талкууланат.  

Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев эми Кыргызстан менен Канада ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу маселе Эл аралык иштер боюнча комитетте каралды. Талкууда тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматов сыртта жүргөн мигрантардын так эсеби неге эске алынбай жаткандыгын сынга алды.

                         СНХ.И.ПИРМАТОВ

Кезегинде Лениндин, Сталиндин, Маркстын аты менен аталган стипендия белгиленип келген. Азыр деле ошол сыяктуу Усубалиев, Орозбеков сыяктуу белгилүү инсандардын ысмы менен аталган шыктандыруучу стипендиялар болушу керек, - дейт депутат Акылбек Жапаров.

                        СНХ.А.ЖАПАРОВ

Айтылуу тарыхый инсан Алымбек датканын 220 жылдык маарекеси ушул жылдын ноябрь айынын башында өткөрүлөт. Маарекени уюштуруу милдети Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн. Талкууда депутат Төрөбай Зулпукаров Алымбек датканын өмүр жолун ар бир жаран жакшы билиши керек экенин белгиледи.

                        СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Депутат Марлен Маматалиев Алымбек датка жөнүндө көркөм фильм тартуу керектигин кошумчалады.

                       СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул келишимдин алкагында 9 млн 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнүп, анын ичинде, 8 млн доллар Баткен жана Нарын облустарын сугат суу жана альтернативдүү энергия булагы менен камсыз кылуу багытында жумшалат. Ал эми калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу салып алынмакчы, - дейт Өкмөттүн алдындагы мамалекеттик токой чарба агенттигинин директору Мирослав Аманкулов. 

                     СНХ. М.АМАНКУЛОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9 - октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда, ал эми Ысык – Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:17...22, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18…23; Талас: 14…19; Ысык-Көл, Нарын: 12…17  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  9 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 20…22 градус жылыйт.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 49

Окшош жаңылыктар