ЖАҢЫЛЫКТАР 08.10.19.

08-10-2019 08:33

Бүгүн, 8 – октябрдагы олтурумунда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча комитет жыйынына

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Финансы министри  Бактыгүл Жеенбаева чакырылды.  

Өкмөт кабыл алган жаңы токтомдо оорулуу жаран бир айда 12 гана жолу гемодиализден өтүү мүмкүнчүлүгүн ала алат.  Калган дарылоо процедурасын өзү чөнтөгүнөн төлөөгө туура келет. Бул дартка кабылгандарга кошумча санаа. Анткени, алар кээ бир учурларда айына 13-14 жолу гемодиализге муктаж болуп калган жагдайлар жаралат.    

Сөзсүз эле оорулардын кесепетин жоюу керекпи? Эмнеге алдын алуучу профилактикалык иштер орундуу жыйынтык бербей келет? – дейт депутат Сайдулла Нышанов “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында.

                        СНХ.С.НЫШАНОВ

Депутат Алмамбет Шыкмаматов өнөкөт оорулардын алдын алуу жагын караштырууда калкты маалымат менен камсыздоо зарылдыгына токтолду.

                       СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Ош шаардык клиникасына дары – дармектерге деп бөлүнгөн каражаттар колго тийбегени бир азап болсо, кышкыга отун – суу алаарга камылгасы жок олтурганы бир тең болууда. Мындай абал менен жеринен “Кыргызстан” фракциясы барып таанышып келгендигин депутат Айнура Аскарова билдирди.

                       СНХ.А.АСКАРОВА

Курамы 21ден көп депутаты бар айылдык кеңештерде эми айылдык кеңештин жооптуу катчысы иштей баштайт. Бул тууралуу ченем Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу мыйзамдын кабыл алынган өзгөртүүлөрүнүн жыйынтыгы. Бул тууралуу демилгечи депутат Кенжебек Бокоевдин түшүндүрмөсү:

                      СНХ.К.БОКОЕВ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк райондорунда, ал эми Ысык – Көл, Нарын областтарынын айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал. Чүй, Жалал – Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорундагы жаан нөшөөргө айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 21…26; Талас: 18…23; Ысык-Көл, Нарын: 15…20  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  8 – октябрда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 23…25 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 16

Окшош жаңылыктар