ЖАРЫЯ: 18-октябрда «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтөт

18-10-2019 15:07

Депутат Экмат Байбакпаев башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык жумушчу тобу Жогорку Кеңештин профилдүү комитети менен биргеликте 2019-жылдын 18-октябрында саат 11.00 дө Жогорку Кеңештин жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуу боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү пландаштырып жатат.

Бул мыйзам долбоору менен металл камтылган кендердин, концентраттардын, эритиндилердин жана аффинаждалган металлдарды жеткирүүнү жана экспортту гана эмес, аларды кайра иштетүү өнүмдөрдү да (башкача айтканда алардан даярдалган зергер буюмдарды) кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу импортердун өзү тарабынан түздөн-түз зергер буюмдарын жасоо үчүн багытталган концентраттарды, эритиндилерди жана аффинаждалган металлдарды (сырье түрүндө) КНС төлөөдөн бошотууну караштырат. Себеби бүгүнкү күнү республикадагы зергерлер сырьего эркин кирүү мүмкүндүгүнө ээ эмес, ошол себептен аларды ар кандай мыйзамсыз жолдор менен ташып кирүүгө мажбур.

Мыйзамдын долбоору кабыл алынып калган учурда, Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда зергер буюмдарынын эң ири өндүрүшчүсү жана берүүчүсү болуп калат. "Анткени зергер буюмдарын дүйнөлүк керектөөнүн үчтөн бири Индия менен Кытайда турат",- дейт КР зергерлер ассоциациясынын мүчөлөрү.

Кыргыз Республикасында алтын өндүрүү жылына 18-20 тоннада туруктуу деӊгээлде жүзөгө ашырылып турат. Бул алтын, күмүш жана башка ушул сыяктуу казып алынуучу сырьену - зергерчилик тармакты өнүктүрүү үчүн жакшы шарттарды түзүп берет. Бирок азыркы учурда Кыргызстанда бир катар көйгөйлөр бар: бул чөйрөдө ченемдик-укуктук базанын эскириши, зергер буюмдарын өндүрүүчүлөрдүн алтын сырьесуна эркин киришинин жоктугу, зергер буюмдарын өндүрүү рыногунда мыйзамсыз схемалардын болушу, туура эмес салык салуулар Кыргыз Республикасында зергер тармагынын ылдам өсүшү үчүн тоскоолдуктарды жаратып жатат, ошондой эле “көмүскө экономиканын” катарын толтурууда.

Эл аралык аналитиктердин баа берүүсү боюнча дүйнө жүзүндө өндүрүлүүчү алтындын (өндүрүүнүн жалпы көлөмүнүн 70%) негизги керектөөчүсү болуп зергерчилик тармак саналат. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын 4 000 ден ашык жаранына кошумча жумуш орундары түзүлмөкчү.

Мыйзам долбоору 2019-жылдын 2-сентябрынан бери коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин сайтында (http://kenesh.kg/ru/article/show/5763/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-2-sentyabrya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-zakon-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-nalogoviy-kodeks-kirgizskoy-respubliki) жайгаштырылган.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланышуу: тел:63-88-30, 0557952525, факс:638781, эл.адрес: atanbekovaa@mail.ru.

Көрүүлөрдүн саны : 5320

Окшош жаңылыктар