ЖАҢЫЛЫКТАР 07.10.19.

07-10-2019 09:12

Бүгүн, 7 - октябрда Бюджет жана финансы боюнча комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы №19 “Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү” жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 21-июнундагы №2514-VI «Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык мааракеси жөнүндө” токтомунун аткарылышы жөнүндөгү” маселелер каралат. Бул багыттагы суроолорго Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов жооп беришет. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору да аталган тармактык комитет жыйынын орчундуу маселеси.

Өкмөттүн кабыл алган жаңы токтомунда өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккандар бир айда 12 гана жолу гемодиализден өтө алаары айтылат. Ал эми башка учурда пациент дарылоону курсунан өз эсебинен  өтүүгө аргасыз. Ал эми көпчүлүк учурда оорулуулар бир айда 13-14 жолу гемодиализге муктаж болот. Мындай маалыматтар “Ата-Мекен” парламенттик фракциясынын олтурумунда айтылды. Талкууда депутат Искендер Гайпкулов токтомдогу 12 деген ченемди алып салууну сунуштады.

                          СНХ.И.ГАЙПКУЛОВ

Депутат Жыргалбек Турускулов, -  “Коопсуз шаар” долбоорунун иш профессинде бир гана каттоого алуу функциясы эле эмес,  адамды бетинен таануу артыкчылыгы да иштеши керектигин эскертти.

                          СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

Алыскы Каркыра аймагында мектептин жоктугунан андагылар монгого баш калкалап, ал жерди билим уясына айлантып алышыптыр. Мындай учурду өз көзү менен көрүп келген депутат Аида Касымалиева болду.

                         СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

Депутат Алтынбек Жунус уулу Нарын шаарында бир да жаңы мектеп салынбагандыктан, эки дүкөн кадимки мектептин милдетин аткарып жаткандыгын кабарлады.

                        СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7-октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:20…25; Талас: 19…24; Жалал-Абад, Ош, Баткен: 21…26; Ысык-Көл: 15…20; Нарын: 14…19; бийик тоолуу райондордо 2…7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  7 – октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы 22…24 градус жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 50

Окшош жаңылыктар