Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 04.10.19.

04-10-2019
08:36

 

“Ата Мекен” фракциясынын бүгүн, 4 - октябрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү”  жана  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдардын өзгөртүүлөрү каралат. Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматын көрсөтүү тууралуу маселе да фракция жыйынынын талкуусуна чыгат.

Улут сыймыгы - «Манас» жана Айтматов делген менен Дүйнөлүк баалуулуктарды алып жүргөн манасчыларыбызга талаптагыдай кам көрүлбөй келет.  Манжа толбогон  манасчыбызды барктап алууга чамабыз чакталуубу? Мындай суроолорго депутат Улукбек Ормонов кайрылды.

                        СНХ.У.ОРМОНОВ

Башкы байлык ден соолук делген менен демди суутар жаман адаттар байлыктын ошол түрүн түнөртүп бара жатат. Бул учурдун далилине айланганы азап болду. Мына, менин колумда кооз таӊгакталган насвай турат. Индиядан контрабандалык жол менен алынып келиптир, акцизи жок, демек, көзөмөл дагы жок. Насвайдан жылына 6 миӊден ашуун адам каза табат, ушул дагы калктын ден-соолугуна көрүлгөн камкордукпу? – деген депутат Айнуру Алтыбаева болду.

                       СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Мугалимдердин эмгек акысы орто эсеп менен 30 пайызга көтөрүлгөнү жакшы жаңылык болду. Ошентсе да алардын турак - жай көйгөйүн чечүү жаатында  иш стажы жетиштүү болсо тоскоолдуктар жаралбашы керек. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

                      СНХ.Т.ИКРАМОВ

Билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин бири катары депутат Айнура Осмонова, - союздун тушунда жогорку билимге ээ болгон мугалимдердин айлык акыларындагы айырмачылыктар жоюлгандыгын айтып, буларга токтолду.

                     СНХ.А.ОСМОНОВА

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 - октябрда Ысык – Көл, Нарын областтарынын айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас областтарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй:17...22, Талас:16...21, Ысык – Көл:14…19;  Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18...23,  Нарын: 13…18 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 4 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 2022 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...