ЖАҢЫЛЫКТАР 03.10.19.

03-10-2019 08:12

Кечээ, 2-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков Чүй облусундагы Сокулук районунун жана Шопоков шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кабыл алды.  Жолугушууда бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аталган райондогу инсфратүзүмдүк маселелер айтылды. Анын ичинен жолдорду оңдоп-түзөө, бала бакча жана мектептерди куруу муктаждыктары белгиленди. Бул иш чарага депутаттар Иса Өмүркулов менен Эльвира Сурабалдиева да катышты.

Бүгүн, 3 – октябрдагы парламент олтуруму адаттагыдай эле алгачАр кандай маселелер” саатынан башталат. “2012-жылдын 20-июнунда Рио – де - Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууга чыгарылат.  “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоору да бул жолку жыйындын талкуусуна коюлат.  

Алтын кенди иштетип, жарып кетпеген соң, эми уран менен торийди тоорубай эле койсок, - деди депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттин кечээки жыйынында маселе көтөрүп.

                              СНХ.А.ШЫКМАМАТОВ

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, жактырылды. Талкуу жүрүшүндө депутат Бактыбек Сыдыков жыл соӊунда көптөгөн каражаттардын иштетилбей калышын мисалга тартып, мамлекеттик органдарда бюджеттик каражаттарды каржылоо боюнча тартип жоктугун сынга алды.

                             СНХ.Б.СЫДЫКОВ  

Курулуп бирок аягына чыкпай узакка созулуп кеткен обьектилерге артыкчылык берилиши керек эле. Ага карабай аларды бүтүрүүнүн ордуна Мамкурулуш агенттигинин саясаты өзүм билемдикке ооп кеттиби, айтор планда жок 33 жаӊы обьекти курулуп башталгандыгын депутат Тынчтыкбек Конушбаев 2018 - жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын караган учурда билдирди. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каржыланган обьектилердин тизмесин ачык-айкын түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

                             СНХ.Т.КОШУНБАЕВ

Улут уңгусун түзгөн адабиятыбыздын алпы, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго арнап музей ачылганы менен аны кароого келгенде жоопкирчиликти ала турган тарап табылбаганы кызык? Мындай суроого депутат Бакыт Төрөбаев кайрылды.

                            СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 - октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй:15...20, Ысык – Көл:13…18;  Ош, Жалал-Абад, Баткен: 18...23, Талас:14...19, Нарын: 12…17 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 3 – октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 17…19 градус жылуу болот

Көрүүлөрдүн саны : 29

Окшош жаңылыктар