ЖАҢЫЛЫКТАР 01.10.19.

01-10-2019 08:53

Бүгүн, 1 – октябрда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет  “Алтынкен”  ЖЧКсы иштетип жаткан Талды-Булак Солжээк кенинде  көчмө жыйын өткөрөт.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот – укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бүгүнкү, 1 – октябрдагы олтурумунда “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда каралат. “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө” мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда талкууланат.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет кечээки олтурумунда “Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карады. Ошондой эле “Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу” Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан мыйзам долбоору да комитеттин жактыруусуна ээ болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүн өзү текшерип, өзүн-өзү көзөмөлдөөрүн сынга алган депутат Аида Исмаилова, - аталган министрликтин Дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин мыйзамсыз иш-аракетерин тизмектеди.

                     СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Депутат Иса Өмүркулов жол эрежелерин бузгандарга айыппулдардын көлөмүн элдин жошоо деӊгээлине жараша ылдыйлатуу маселесин ыкчамдатуу керектигин Өкмөткө багыттады.

                     СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Депутат Чыныбай Турсунбеков жолдор темасын улап, борбор калаанын жолдорун ремонттоодо автотыгындарды жаратпагандай схема зарыл деп, Москва көчөсүн оңдоп – түзөөдөн жаралып жаткан оңтойсуздуктарга токтолду.

                      СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Суусамырда жааган кардын алдында калган арпа боюнча дыйкандарга компенсация берилиши керек. Бул тууралуу эч кандай иш-аракеттер көрүлбөй жаткандыгына депутат Тынчтык Конушбаев тынчсызданды.

                    СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1- октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык – Көл, Нарын областтарында жана Чүй, Талас областтарынын кээ бир райондорунда мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык – Көл, Нарын областтарында  15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ысык – Көл,  Ош, Жалал-Абад, Баткен: 13…18; Талас:11...16, Нарын: 12…17 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 1 – октябрда жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 32

Окшош жаңылыктар