ЖАҢЫЛЫКТАР 30.09.19.

30-09-2019 08:42

Бүгүн, 30 – сентябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карайт. “Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору да Өкмөт тарабынан демилгеленип, талкууга чыкканы турат. “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү”  мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндөгү” токтомун комитет жыйынына депутат Садык Шер – Нияз алып чыгат. “Жаштар парламенти” кыймылынын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү коомдук сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча презентациясы дагы тааныштырылат.

Жашоо-тиричилик минимумунун көлөмү 4600 сомду түзсө, андан дагы төмөн болуп жаткан квалификациялык эмес эмгек акы өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткандыгына айткан депутат Карамат Орозова бир топ сандык салыштырууларды келтирип, тиешелүү мыйзамдар бузулуп жаткандыгына токтолду.

                          СНХ.К.ОРОЗОВА  

ЕАЭБдин алкагында ата мекендик айыл-чарба продукцияларынын экспортуна тоскоолдуктар жаралбашы керек. Бирок, алардын Россияга киргизилбей жок кылынып же кайтарылып жаткандыгына токтолгон депутат  Марлен Маматалиев, - “Мындай көрүнүштөр жер-жерлердеги дыйкандар менен ишкерлерге зыянын тийгизбеши керек”, - дейт.

                           СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

Депутат Улан Примов болсо Кытай менен чектеш «Эркештам» көзөмөл өткөрүү пунктундагы соңку абалга кайрылып, андагы жүк ташуучу унаалардын 10 чакырымдан ашуун аралыкта тизилип, өтө албай тургандыгынан коңгуроо какты.

                         СНХ.У.ПРИМОВ

«Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» авто жолун оӊдоп-түзөө боюнча канчадан бери маселе көтөрүлсө да, көңүлдөн сырт калып келет, - деген депутат Абдыбек Дүйшалиев, - “Бул жагдайга Өкмөт башчылар, министрлер убадаларын берип ишендирген менен иш ордунан жылбай койду»,- дейт.

                         СНХ.А.ДҮЙШАЛИЕВ

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30 - сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Жалал-Абад областтарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын областтарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош областтарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл областынын чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй: 13…18; Талас, Ысык – Көл, Нарын: 12…17; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 16…21 градус жылуу. Бишкек шаарында бүгүн, 30 – сентябрда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 34

Окшош жаңылыктар