Жаш балдардын туура тамактануусу - тагдыр чечээр маселе

25-09-2019 14:58

Мектептердин 1 – 4 – класстарындагы окуучуларга ысык тамак берүүнү уюштурууну мыйзамдаштыруу багытында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттин бүгүнкү, 25 - сентябрдагы олтурумунда 2-окууда 58 добуш менен кабыл алынды.

Аталган маселе боюнча депутат Дастан Бекешев өз сунуштары менен тааныштырып, ушул эле күнү “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.  

Эл өкүлү балдардын организми жаш болгондуктан, 14 жашка чейинкилерге пальма майы кошулган азыктарды бербөөгө чакырды. Анткени, аталган майдын түрү азыктарды узакка сактоого жардам берет. Көпкө чыдаган тамак – аш ден соолукка зыяндуу. Муну изилдеп чыккан Чехиянын, Россиянын окумуштуулары пальма майы аралашкан азыктарды балдарга бербөө маселесин карап, тиешелүү чараларды көргөн. Биз үчүн да балдарыбыздын саламаттыгы маанилүү. Ошондуктан, бул ойлонуучу маселе, - дейт депутат. Ошондой эле Д.Бекешев 14 жашка чейинки курактагыларга чай берүүнүн ордуна, кургатылган жемиштердин ширесин, кур дегенде таза сууну сунуштасак, алардын организминдеги кальцийдин жуулуп кетишине жол бербейбиз, - деп кошумчалады.

Ошол эле уктурууга катышкан Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин балдар жана өспүрүмдөр бөлүмүнүн башчысы Мария Кушубакова, - “Пальма жылына 4 ирет түшүм бергендиктен, андан алынган май башка майдын түрлөрүнө караганда арзан. Арзан оокаттын курамында ден соолукка зыяндуу элементтер жок, - деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан, азыктын арзанына эмес, анын сапатына маани берген оң. Негизи, 10 жашка чейинки балдар күнүнө 2200 килокалориялык азыкты кабыл алат. Ошондуктан, жаш өсүп келе жаткан организм зыяндуу азыктардан алыс болушу керек”, - дейт.

Ал гана эмес, ысык тамак берилүүчү мектептердин толук шарты эске алынат. Ал жерде канализация, ысык суу маселелери толук чечилген болушу керек. Ошентсе да балдардын туура тамактануусу үчүн бир гана мектептеги ысык тамак роль ойнобойт. Андыктан, ата – энелердин да балдарынын тамактануусуна кылдат көңүл бурушу шарт, - деп кошумчалады адис.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 264

Окшош жаңылыктар