ЖАҢЫЛЫКТАР 17.09.19.

17-09-2019 08:31

Кечээ, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Баткен областынын Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча чукул кеңешме өткөрдү. Анын жыйынтыгында Төраганын тапшырмасы менен вице-спикер М.Бакиров баштаган депутаттардын тобу чукул арада Баткен областына иш сапарына жөнөп кетишти.

Бүгүн, 17 – сентябрдагы олтурумунда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет  депутаттар тобу тарабынан сунушталып жаткан “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карайт. Ошондой эле “Кесиптик бирликтер жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да талкууга чыгат. “ЕАЭБге айыл чарба продукцияларынын экспортуна, «Бирдиктүү терезе» принцибин колдонуу көйгөйлөрүн чечүүгө жолтоо болгон административдик тоскоолдуктарды болтурбоого, ошондой эле логистикалык борборлордун ишин өркүндөтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору да күн тартибине сунушталууда. Андан тышкары “2020-жылга бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү” Өкмөттүн токтомунун долбоору каралат.

Жарандарыбыздын транспорт башкаруудагы катачылыктарга жол берип калган учурунда аларга салынуучу айыптады дарегине жөнөтүүдө өздүк маалыматтар канчалык деңгээлде корголгон? Бул маселени “Өнүгүү - Програсс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев көтөрдү.

                     СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Эмне себептен жергебизге уурдалган унаалар келип жатат? Бул жагынан кадырыбызга шек келтирген иштерди качан ооздуктайбыз? – деген депутат Тынчтык Шайназаров.

                    СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

2017 – жылы колдонуп жүргөн унаалардын 130 миңи өз ээлеринин атына катталган. Ал эми 2018 – жылы мындай көрсөткүч 350 миңди түзгөн. Ал эми ушул 2019 – жылдын 8 айында эле дагы 300 миң транспорттун кимге таандык экендиги такталды. Ошондой эле транспорт салыгын төлөөдө да жеңилдиктер каралып жаткандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева билдирди.

                   СНХ. А.ТУЙБАЕВА

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гемотология борборунун онкология жана гемотология балдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тармактык комитеттин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыгы жөнүндөгү” маселени карады. Бул багытта баяндама менен депутат Евгения Строкова тааныштырды.                

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-сентябрда айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жааса, басымдуу аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Ысык-Көл:13...18; Нарын:12...17; Ош, Жалал-Абад, Баткен:23...28; Талас: 18...23; Чүй:21...26 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 2...7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 24...26 градус жылуу.

Көрүүлөрдүн саны : 54

Окшош жаңылыктар