ЖАҢЫЛЫКТАР 16.09.19.

16-09-2019 07:35

Бүгүн, 16 – сентябрдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гемотология борборунун онкология жана гемотология балдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча тармактык комитеттин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыгы жөнүндөгү” маселени карайт. Бул багытта депутат Евгения Строкова баяндама жасамакчы. “Ысык-Көл» биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдалоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору да талкууга коюлат.

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясы “Коопсуз шаар” долбоорун карады. Бул багытта иш башталганы Бишкек шаарында жол кырсыктары 49%га, Чүй облусунда 50%га азайган. Ошентсе да акыркы 7 айдын статистикасы боюнча жол кырсыктары боюнча абал начарлап кеткен. Кырсыктардын саны 3492ни түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Анда 380 адам каза болуп, өткөн жылкыга салыштырганда 10%га өскөн. Өлкө аймагы боюнча, айрыкча, Талас, Ош, Баткен облустарында жол кырсыктарынын саны арбыган. КР Вице-премьер-министри Жеӊиш Разаков, - мекемелер аралык жумушчу топ жол кыймылы эрежелерин бузуунун 8 түрү боюнча айыппулдардын көлөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалгандыгын маалымдады.

                             СНХ.Ж.РАЗЗАКОВ

Талкууда депутат Алтынбек Жунус уулу, -“Жарандарыбыздын жашоо-турмушуна ылайыктап, анча маанилүү болбогон эреже бузууларга айыппулдардын көлөмүн төмөндөтсөк. Болбосо эптеп эле айыппулдар менен бизнес кылып жаткандай болуп көрүнөт экен»,- дейт.

                             СНХ.А.ЖУНУС УУЛУ

Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов айыппулдардын өлчөмү боюнча ыдык издебестигин айтып, - “Андан көрө айыппулдарды 15 күндүн ичинде төлөйм дегендерге  айып суммасын 75%га арзандатып төлөөгө уруксат берели”, -  дейт.

                            СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

КСДП фракциясы 2019-2020-жылдагы жаңы окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин даярдыгы (окуу китептер, интернет менен камсыз кылуу,  өлкөнүн мектептерге болгон муктаждыгы, жаңы мектептердин, корпустардын курулушунун жүрүшү жана аларды каржылоо боюнча маалыматтар, узакка созулган курулуштар) жана билим берүү системасын өнүктүрүү келечеги боюнча маселени карады.

Мамлекеттик тилди билүү боюнча тесттин алкагында тил багытындагы 5 көндүм кылдат текшерилет. 2020 – жылга белгиленген программанын чектеринде аткарылуучу иштер толугу менен жүзөгө ашырылышы керек. Мисалы, мектеп бүтүрүүчүсү В1 деңгээлинде тил билүү жөндөмүн тастыктоого милдеттүү, - дейт “Кыргызтесттин” жетекчиси.

                           СНХ.Б.ТОПОЕВА - СТАВИНСКАЯ 

"Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын депутаттары  Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылындагы унаа жолуна жана электр өткөрүү маселесине байланышкан маалыматтарды укту. "Улуттук энергохолдинг" Башкармалыгынын Төрагасы Айтмамат Назаров маселени чечүү үчүн алгылыктуу иштерди жасоо керектигин айтып, Жазы-Кечүү айылынын аймагына кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

                                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Кээ бир райондордо нөшөр төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Ысык-Көл:13...18; Нарын:14...19; Ош, Жалал-Абад, Баткен:21...26; Талас: 17...22; Чүй:19...24 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо 2...7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 22...24 градус жылуу.

Көрүүлөрдүн саны : 51

Окшош жаңылыктар