Депутат А.Жунус уулу: «Анча маанилүү болбогон эреже бузууларга айыппулдардын көлөмүн жарандарыбыздын жашоо-турмушуна ылайыктап төмөндөтсөк»

13-09-2019 12:30

Бүгүн, 13-сентябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору жана Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин алкагында жол кыймылынын эрежесин бузуулары тууралуу маселе каралды.

Жыйында КР Вице-премьер-министри Жеӊиш Разаков мекемелер аралык жумушчу топ жол кыймылы эрежелеринин бузуунун 8 түрү боюнча айыппулдардын көлөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын маалымдады. Бүгүнкү күндө мыйзам долбоору Өкмөттө коомдук талкууда. Вице-премьер-министрдин айтымында, «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке кириши менен Бишкек шаарында жол кырсыктары 49%га, Чүй облусунда 50%га азайган. Бирок акыркы 7 айдын статистикасы боюнча жол кырсыктары боюнча абал начарлап кеткен. Кырсыктардын саны 3492ни түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Анда 380 адам каза болуп, өткөн жылкыга салыштырганда 10%га өскөн. Өлкө аймагы боюнча, айрыкча, Талас, Ош, Баткен облустарында жол кырсыктарынын саны арбыган.

Талкууда депутат Алтынбек Жунус уулу чет өлкөлүк номерлер менен жүргөн айдоочулар көз көрүнөө эле жол кыймылы эрежелерин бузуп айдап жүрүшкөндүгүн айтып: «Минтип отурса, мыйзамды сактап айдагандар, көзөмөл органдарына нааразычылыгы күчөп, бара-бара жол эрежелерин сактабай баштайт»,- дейт. Ошондой эле депутат спирт ичимдиктерин ичип алып айдагандарга айыппулдун көлөмүн кескин көбөйтүүнү сунуштап, буга байланыштуу адам өмүрүн алган жол кырсыктарын мисалга тартты. Мындан сырткары, А.Жунус уулу айыппулдардын өлчөмү чоӊ болуп калган айрым эреже бузууларга токтолуп: «Жарандарыбыздын жашоо-турмушуна ылайыктап, анча маанилүү болбогон эреже бузууларга айыппулдардын көлөмүн төмөндөтсөк. Болбосо эптеп эле айыппулдар менен бизнес кылып жаткандай болуп көрүнөт экен»,- дейт.

«Айыппулдардын өлчөмү негизи туура эле коюлган. Айыппулдар кымбат десе, жол эрежелерин сыйлап айдасын. Андан көрө айыппулдарды 15 күндүн ичинде төлөйм дегендерге  айып суммасын 75%га арзандатып төлөөгө уруксат берели, ушул туура болот»,- дейт депутат Зиядин Жамалдинов.

Талкуу жүрүшүндө долбоорго ылайык иш-чаралар түштүк облустарында келерки жылдын соӊуна чейин жүзөгө ашырылары такталып, айыппул боюнча каттардын өз дарегине жетпей жатышы, ишеним каттар менен жүргөн айдоочулардын маселеси талкууланды. Бир катар эл өкүлдөрү айыппулдардын көлөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун тездетип алып келүүнү талап кылышты.

Жыйынтыгында айтылган сунуш-пикирлер протоколдук тапшырма катары аткаруу бийлигине жолдонмой болду.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 702

Окшош жаңылыктар