ЖАҢЫЛЫКТАР 13.09.19.

13-09-2019 08:25

Бүгүн, 13 – сентябрдагы олтурумунда КСДП фракциясы 2019-2020-жылдагы жаңы окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин даярдыгы (окуу китептер, интернет менен камсыз кылуу,  өлкөнүн мектептерге болгон муктаждыгы, жаңы мектептердин, корпустардын курулушунун жүрүшү жана аларды каржылоо боюнча маалыматтар, узакка созулган курулуштар) жана билим берүү системасын өнүктүрүү келечеги боюнча маселени карайт. Жыйында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, дагы башка тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери маалымат беришмекчи.

Мектептердин курулушунда бюджеттик каражаттар ырааттуу пайдаланылбай жаткандыгын айткан депутат Аида Исамилова, - ага Жети-Өгүз районундагы Богатыревка айылындагы мектепти мисал болот, - дейт. “Бул мектептин курулушу жаӊы эле бүткөнү менен пайдубалы упурап, цемент колдонулбагандай. Мындай көрүнүштөргө кош көңүлдүк жарабайт”.- дейт эл өкүлү.

                       СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Бүгүнкү күндө сейсмологиялык ченемдерге жооп бербей, коркунучтуу абалда турган Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагындагы эки мектептин мазага кабылганын депутат Аида Касымалиева маалымдады.

                      СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

“Туризмди өнүктүрөлү дегенибиз менен айрым Эки-Нарын сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге барчу жол, көпүрөлөрдүн абалы шай оодурат. Андагы Нарын дарыясынан өтүүчү жыгачтан салынган көпүрөнүн көрүнүшүн көрүп, олуттуу коркунуч жаралат»,- дейт депутат Алмазбек Баатырбеков.

                     СНХ.А.БААТЫРБЕКОВ

Депутат Сайдилла Нышанов болсо Базар-Коргон районундагы Жай-Терек айылындагы жолду КР Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын айтып, жергиликтүү тургундардын кур дегенде жолду сүрүп туруучу атайын техникага муктаждыгын билдирди.

                     СНХ.С.НЫШАНОВ

               АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13 - сентябрда Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Калган аймактарда жаан – чачын болбойт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 21…26; Талас:20…25; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 24…29; Ысык-Көл, Нарын:17…22; бийик тоолуу райондордо 2…7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13 – сентябрда жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрди түзөт. Абанын температурасы 23…25 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 48

Окшош жаңылыктар