«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (жер пайдалануу чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоору боюнча 2019-жылдын 27-сентябрында парламенттик угуулар өтөт

27-09-2019 10:45

 Кыргыз Республикасынын депутаттык жумушчу тобу жана Жогорку Кеңештин тармактык Комитети менен бирдикте 2019-жылдын 27-сентябрында саат 11.00 дө Жогорку Кеңештин пленардык жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер, Токой кодекстерине, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору  боюнча  парламенттик угуулар өткөрүлөт.

Өлкөбүздүн айыл чарбасы жер жана агрардык реформа жасоо жылдарында чарба жүргүзүүнүн жана жекече-укуктук формада иш-аракет кылуунун  жаңы формаларын издөө жагында татаал өткөөл мезгилди  басып өттү. Жер жана агрардык реформа, айрыкча анын баштапкы этабы, тажрыйба, мыйзамдык база, нормативдик документтер болбогон шартта жүзөгө ашырылды.

Реформа шашылыш тартипте, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан жүргүзүлдү. Алдыңкы жана жылдар бою калыптанган үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары жоюлуп кеткен, мунун натыйжасында үрөнчүлүк тармагы жана асыл тукумдаштыруу иши түп тамырынан жок кылынды. Мурунку админстративдик-бөлүштүргүч органдар жана тейлөөчү айыл чарбалык уюмдар жоюлган, бирок ошол эле убакта агрардык сектордо экономиканын иштөөсүнүн азыркы рыноктук шарттарына туура келүүчү жаңы механизмдер түзүлгөн жок. Реформа шашылыш тартипте, өлкөнүн айыл чарба өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке албастан жүргүзүлдү. Алдыңкы жана жылдар бою калыптанган үрөнчүлүк жана асыл тукум мал чарбалары жоюлуп кеткен, мунун натыйжасында үрөнчүлүк тармагы жана асыл тукумдаштыруу иши түп тамырынан жок кылынды. Мурунку админстративдик-бөлүштүргүч органдар жана тейлөөчү айыл чарбалык уюмдар жоюлган, бирок ошол эле убакта агрардык сектордо экономиканын иштөөсүнүн азыркы рыноктук шарттарына туура келүүчү жаңы механизмдер түзүлгөн жок.

Бүгүнкү күндө, жер жана агрардык реформа жүргүзүүнүн натыйжасында   өлкөнүн айыл чарбасында майда товардык айыл чарбалык өндүрүш  калыптанды. КР Улуттук статистикалык комитетинин 2017-жылга маалыматтары боюнча республикада 420 миңден ашуун дыйкан (фермердик) чарба болгон, алар айыл чарбасындагы бардык  чарбакер субъекттердин 99,9%н түздү, аларда иштегендердин саны  540 миң адамды түздү. Мында чарбалардын басымдуу бөлүгүнүн (83,1%) жер үлүштөрүнүн өлчөмү 0,2 га, 15,3%ныкы – 2,8 га, 0,8%ныкы – 13,4 га, 4%ныкы – 68 га болгон. Биздин агрардык сектор иш-аракет кылуунун майда контурдук ыкмасына негизделген, анда прогрессивдүү технологиялар илимий негизделген түрдө киргизилбейт жана жерге которуштуруп себүү сакталбайт.

Натыйжада айыл чарбасынын азыркы абалы  азыркы замандын талаптарына жооп  бербейт, бул тармактын натыйжалуулугу төмөн жана рентабелдүүлүгү төмөн бойдон кала берүүдө, анда чечилиши талап кылынган проблемалар көп. Статистиканын маалыматы боюнча айыл чарбасындагы эмгек өндүрүмдүүлүгү кайра иштетүү өнөр жайындагыга караганда 3 эсеге, курулуш секторундагыга караганда 8 эсеге, соода-сатыктагыга караганда 6 эсеге төмөн.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер, Токой кодекстерине, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө», «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Ветеринария жөнүндө», «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  жогорудагы Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору жер пайдалануу, токой чарбасы, ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  укуктарын жана милдеттерин конкреттештирүү максатында демилгечилер тарабынан кароого киргизилип жатат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин официалдуу сайтына 2019-жылдын 20-майында киргизилген. http://kenesh.kg/ru/article/show/5389/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-20-maya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-nekotorie-zakonodatelynie-akti-kirgizskoy-respubliki-zemelyniy-lesnoy-kodeksi-kirgizskoy-respubliki-zakoni-kirgizskoy-respubliki-o-vvedenii-v-deystvie-zemelynogo-kodeksa-kirgizskoy-respubliki-ob-upravlenii-zemlyami-selyskohozyaystvennogo-naznacheniya-o-pastbishtah-o-mestnom-samoupravlenii-o-veterinarii-o-karantine-rasteniy.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыш телефондору: 63-88-30, факс 0312-63-87-81, эл.дарек: atanbekovaa@mail.ru

 

Көрүүлөрдүн саны : 1929

Окшош жаңылыктар