ЖАҢЫЛЫКТАР 12.09.19.

12-09-2019 08:17

Бүгүн, 12 – сентябрдагы парламент олтуруму “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө экономикалык аймактар жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланат. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлоруна көңүл бурулмакчы.

Жакында өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаедин ордуна келген Бектен Сыдыгалиев кечээ Жогорку Кеӊеште ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутаттык мандатка ээ болгон эл өкүлү.

                        СНХ.Б.СЫДЫГАЛИЕВ

КР билим берүү жана илим министрлигин жетектөөгө сунушталган Каныбек Исаковдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында колдоп берди. Кандидатка кайрылган депутат Бакыт Төрөбаев, - “Эң ириде сиз билим берүү тармагына келип жаткан саясатчысыз, - ошондуктан эл аралык стандарттарды тажрыйбалоого көңүл бурушуңуз керек”, - дейт.

                        СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Ваучердик система да билим берүү тармагындагы негизги багыт. Бул жагынан жаңы кандай кадамдар жасалаарына депутат Абдывахап Нурбаев кызыкты.

                       СНХ.А.НУРБАЕВ

Депутат Улукбек Ормонов, - “ЖОЖдордун шайланган ректорлору түшпөс ханга айланды. Эгер алардын ишиндеги кемчиликтери кайталана берсе, Билим берүү министри андай адистерди кызматтан алуу укугуна ээ болсо”, - дейт.

                       СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Акылбек Жапаров, = китеп чыгаруу ишинде кезегинде Сталин бекем тартипти орнотуп, өзү анын мазмунун текшерүүгө убакыт тапкандыгын айтып, - жаңы министр кызматына келип жаткан талапкерге бир нече сунуштар менен кайрылды.

                       СНХ.А.ЖАПАРОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12 - сентябрда күн ачык болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6  метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй: 20…25; Талас: 19…24;, Ысык – Көл, Нарын: 16…21; Ош, Жалал – Абад, Баткен: 23…28 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12 - сентябрда жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6  метрге чейин жетет. Абанын температурасы 22…24 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 61

Окшош жаңылыктар