ЮНЕСКОнун 2020 – жылы өтө турган салттуу музыка боюнча 7 -симпозиумун кыргыз жергесинде уюштуруу сунушталууда

10-09-2019 16:26

Балдар бакчаларынан тартып, мектептерди кошуп алганда андагы окуучулар элибиздин улуттук аспабы болгон комузду таанып, билүүгө үйрөнүшү керек. Бул кечээ, 9 – сентябрда биринчи жолу белгиленген “Комуз күнүнө” арналган иш чаранын алкагында “Кыргыздын салттуу музыкасы” коомдук фондусу тарабынан сунушталды. Жалпысынан тогуз кадамдан турган программалык иш – аракеттер тууралуу кеңири маалымат берип, белгилүү дастанчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти, “Кыргыздын салттуу музыкасы” коомдук фондусунун президенти Роза Аманова “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Атайын орто жана жогорку окуу жайларына дагы салттуу музыканы таануу сааттары окуу программаларына кошумчаланса идеологиябыздын пайдубалы бекемделмек, - дейт искусство таануучу Р.Аманова.

Массалык маалымат каражаттарына аудио, видеожарнамаларды, анимациялык материалдар менен кинотасмаларды даярдоо ишинде аларды комуз күүлөрүнүн коштоосу менен жасалгалоо жагына да көңүл буруу кажет, - дейт илимий адис.

Президенттик стипендия уюштурулуп, комуз аспаптарын даярдоочулардын даражасын жогорулатып, салттуу музыка театрын ачуу талаптары да бар, - дейт демилгечилер тобу.

ЮНЕСКОнун 2020 – жылдын май айында өтө турган салттуу музыка боюнча 7 -симпозиумун кыргыз жергесинде өткөрүү кыялы бар. Болгону ага мамлекеттик колдоо керек. Жогорку Кеңеш бул жагынан жардамын аябаса, алгылыктуу иштердин арымы артмак, - деген Р.Аманова, - эл аралык сынактарда комуз өнөрүн өзгөчөлөнткөн жаштарыбыздын жагымдуу ийгиликтерин да кабарлап, жаш комузчулар Элеман менен Айбек Каныбековдор тууралуу жакшы пикирлерин ортого салды.

 

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 75

Окшош жаңылыктар