ЖАҢЫЛЫКТАР 10.09.19.

10-09-2019 08:28

Бүгүн, 10 – сентябрдагы олтурумунда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карайт. Демилге Өкмөт тарабынан көтөрүлүүдө. “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда кол коюлган “Инвестицияларды өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча Стратегиялык келишимдин” аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы угулат. Бул багытта КР Премьер – министри Мукамбеткалый Абылгазиев баяндама жасайт.

Ушул эле 10-сентябрь күнү Кеңеш менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы биргелешип 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өткөрөт. Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында өтө турган иш-чарага Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле тармактык адистер катышат.  

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында бир катар шаарлардын суу менен жабдуу системаларын реабилитациялоого багытталган ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды. Бул багытта маалымат берген Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана агындылоону өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, ратификациялык мыйзам долбоорунун алкагында Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо максатында суу ченегичтер жана коштоочу жабдуулар орнотулат. Ошону менен катар саркынды суу тутумдары алмаштырылат. Мындан сырткары, лабораториялык шаймандар сатылып алынат.

                     СНХ.А.ТОКТОШЕВ

Насыялык каражаттын 50%ы грант түрүндө болуп жаткандыктан кредитти төлөөдө шаардык бюджеттин мүмкүнчүлүгүн жана ичүүчү сууга болгон тариф саясатын такташтырган депутат Мирлан Бакиров буларга токтолду.

                    СНХ.М.БАКИРОВ

Жогорудагы ратификациялык мыйзам долбоорунун алкагында каралган окутуу иштерине кетчү каражаттар ыгы жок ысырап болуп жаткан жокпу? Бул суроону депутат Рада Тумунбаева жолдоду.

                     СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Келишимге ылайык, 2018 – жылга чейинки аралыкта ичүүчү сууга болгон тарифтер улам жогорулап олтурушу керек, - деп белгиленген. Эми кийинки этаптары кандай болот? – дейт депутат Асылбек Жээнбеков.

                   СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 - сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл областтарынын кээ бир райондорунда нөшөрлүү жаан жаайт. Абанын температурасы Чүй: 13…18; Талас, Ысык – Көл: 12…17; Ош, Жалал – Абад, Баткен: 16…21; Нарын: 11…16 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10 - сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 16…18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 102

Окшош жаңылыктар