Координациялык кеӊеш 11-12-сентябрдагы парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорун бекитти

06-09-2019 15:04

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун жетекчилиги менен өткөн Координациялык кеӊештин кезектеги отурумунда кыргы парламентинин 11-12-сентябрдагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорлору бекитилди.

Ошентип, Жогорку Кеӊештин 11-сентябрындагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Милдеттүү камсыздандыруу тууралуу автотранспорт каражаттарынын жарандык-укуктук жоопкерчилиги жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралат.

Ал эми 12-сентябрдагы жыйында «2018-жылдын 31-мартында кол коюлган КР Өкмөтү менен Литванын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу», “2018-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы ЕАЭБге кошулуу жүрүмүнүн алкагында Кыргыз Республикасына техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу КР Өкмөтүнүн жана РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколун ратификациялоо тууралуу” ратификациялык мыйзам долбоорлору талкууланмакчы.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1498

Окшош жаңылыктар