Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен экспорт үчүн адал эт паркын түзүүнү көздөйт

05-09-2019 12:47

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Санжар Мукамбетовдун айтымында, азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык эрежелерди, заманбап технологиялык жүрүмдөрдү эске албаган мини-цехтер да иштейт. Аларда эт продукциялары иштелип чыгат, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу.

“Мал союу жайларын түзүү же иштеп жаткандарын модернизациялоо жана аларды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл. Ушул багыттарда Ислам өнүктүрүү банкы менен заманбап адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени биргеликте иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетиштик. Адал стандарты азык-түлүктүн башка түрлөрүнө да жайылтылат”, - деди министр.

Ошентип, келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт өкүлдөрүнө адал эт паркы жайгаша турган жерди тандаганда, Нарын жана Баткен облустарына артыкчылык берүү зарылдыгын белгиледи. “Адал стандарты бизге өтө керек. Бул эки облус борбордон алыс жайгашкан. Ошондон улам, алар жаӊы жумушчу орундарына муктаж. Алардын инфратүзүмдөрүн да эске алуу керек”, - деди ал.

Депутат Руслан Казакбаев адал стандартынын диний эле мааниси эмес, жалпы адамзат үчүн да мааниси бар экенин айтты. “Адал стандартынын мааниси чоӊ. Бул баарыдан мурда тазалык деген сөз. Демек, ал адам баласынын саламаттыгын сактайт. Ошон үчүн калкка туура маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек”, - деп кошумчалады ал.

Баяндамачы депутат Бакирдин Субанбековдун суроосуна жооп берип жатып, статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 1,5 млн бодо мал, 6 млн майда жандык бар экенин билдирди. “Бирок, бул маалымат так эмес деген ойдобуз, менимче малдын саны мында кыйла көп. Ошондуктан, бул багытта экспорттук мүмкүнчүлүктөр арбын”, - деди ал.

Андан тышкары, өлкө аймагында 34 мал сойчу жай иштеп жатканы, алардын ичинен 3 жай гана мурдатан бекитилген 5 стандарттын талаптарына туура келери белгилүү болду. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарындагы ветеринардык лаборатория ЕАЭБдин лицензиясына ээ болгон. Эми калган лабораторияларды заманбап жабдуулар менен жабдып, алардын деӊгээлине жеткирүү милдети турат.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстан Иран, Вьетнам, Арап өлкөлөрүнө жылына 1,5 миӊ тонна эт экспорттойт. Өлкө боюнча 53 субъектиге адал лицензиясы берилген. Ислам өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 млн долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экени белгилүү болду.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1543

Окшош жаңылыктар