Эл өкүлдөрү шайлоочулардын көйгөйлөрүнүн чечилишин аткаруу бийлигинен талап кылышты

05-09-2019 12:18

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында жолдордун курулушу, дарыя жээктерин бекемдөө, трансформация көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышты.

Депутат Максат Сабиров Ысык-Көлдө туристтик сезон аяктаганын, ошол эле маалда Балыкчы-Корумду жолу, Каракол шаарынын кире беришиндеги жол дале бүтпөй жатканын сынга алды.

КР Өкмөтү тарабынан жер ресурстары боюнча агенттик түзүлүп жатат. Бирок аны уюштуруу иши кечеӊдөөдө. Бул тууралуу депутат Иса Өмүркуов билдирди. Ошону менен катар эл өкүлү жер тилкелерин трансформациялоого, айрыкча, туракжай куруу үчүн, жергиликтүү бийликтерге мүмкүнчүлүк берилиши керек деген пикирде.

Депутат Зиядин Жамалдинов абактагы экс-депутат Садыр Жапаровго мунапыс колдонулбай жаткандыгын сынга алды.

Депутат Сагындык Келдибаев Бишкекте отургузулган көчөттөр өспөй, куурап калгандыгына кимдир бирөө жооп бериши керектигин айтып чыкты.

Депутат Тариел Жоробеков айыл жерлеринде паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу маалымкат жана башка документтерди алууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын көтөрдү.

Депутат Рыскелди Момбеков белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын төбүлүккө калтыруу боюнча Өкмөттүн көрүп жаткан чараларына Т.Усубалиевдин туугандары нааразы болуп жаткандыгын, Бишкектин бир районуна аты берилсе деген ой-пикирлерин ортого салды.

Депутат Аида Исмаилова майыптардын кайрылуусу менен тааныштырды. Алар ар жыл сайын майыптуулугун тастыктап, тиешелүү комиссиядан жыл сайын маалымкат алуу маселесине нааразычылыктарын билдиришкен. А.Исмаилова колу же буту же тубаса азиз болуп төрөлгөндөрдүн ден соолугу кайра калыбына келбестиги белгилүү болгон соӊ ал тууралуу ар жыл сайын документ берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар деп маселе койду.

Депутат Махабат Мавлянова Ноокат районундагы Кулатов жана Ынтымак айыл өкмөттөрүндө жашаган элдин арасында, айрыкча, аялдар менен балдар арасында онкологиялык оорулар көбөйүп бара жаткандыгынан коӊгуроо какты. Ал тиешелүү министрликтер мониторинг, иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын себептерин аныкташы керектигин белгиледи.

Депутат Сайдолимжон Жураев Кызыл-Кыя шаарындагы каналдын бир жак жээги «Кыргызтемиржолу» мамлекеттик ишканасы тарабынан бекемделгени менен экинчи жак жээги бекемделбей, канал бойлой салынган тамдарды, социалдык обьектилерди жууп кетүү коркунучу бар экендигин маалымдады.

Депутат Калдарбек Баймуратов Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын нугун сайдагы шагыл алган ишканалар бузуп, эми дамбаларга коркунуч келип жаткандыгын аткаруу бийлигине багыттады.

Депутат Дастан Бекешев 2020-жылы жарандардан бирдиктүү салык декларациясы алына (БСД) баштаарын эске салып, бирок бүгүнкү күндө ага тиешелүү шарттар түзүлбөгөндүгүн, салык кызматы дагы даяр эместигин айтып, БСДнын мөөнөтүн жылдыруу керектигин айтты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 655

Окшош жаңылыктар