Эл өкүлдөрү Нарындагы Кеӊеш айылынын авариялык абалдагы мектеби боюнча буга чейин бир нече жолу аткаруу бийлигинин астына маселе коюп келишкен

05-09-2019 12:05

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында бир топ эл өкүлдөрү жер-жерлердеги курулушу башталып туруп калган мектептердин көйгөйлөрүн көтөрүп чыгышты.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарын районундагы Кеӊеш айылынын авариялык абалдагы мектепке окууга тыюу салынгандыктан окуучуларга контейнер-мектептин ачылышы боюнча маселе коюп, анын чечилиши, көрүлө турган чаралар тууралуу Өкмөттөн маалымат талап кылды.

«Контейнер-мектеп куруу бул убактылуу чечим» деген депутат Алтынбек Жунус уулу каражат булактарын тизмектеп, жаӊы мектеп салууга эмне тоскоолдук болуп жатканына кызыкты. Мындан сырткары, эл өкүлү ушул эле райондун Солтон-Сары жайлоосундагы алтын кенине байланышкан окуядан кийин жергиликтүү элге, жаштарга күч органдары тарабынан болуп жаткан куугунтук токтотулушу керектигин баса белгиледи. Алтынбек Жунус уулу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында айтылуу акын, манасчы Байымбет Абдрахмановдун (Тоголок Молдо) медресеси оор абалда экенин көтөрдү. Бул маселени депутат Жанарбек Акаев дагы козгоду.

Депутат Алмазбек Акматов Кенеш айылындагы авариялык мектеп боюнча өз маалында район акими, айыл тургундары, согуш ардагерлеринен бир топ кайрылуулар келип түшкөнүн, ал кайрылуулар аткаруу бийлигине жолдонгонун, эл өкүлдөрү өз көздөрү менен авариялык мектепти көрүп келишкендигин тизмектеп, көӊүл бурулубагандыктан бүгүнкүдөй жыйынтык болуп жаткандыгын баса белгиледи.

«Бул мектепти 4-5 жыл мурун окууга жараксыз деп бүтүм чыгарылган экен. Андан бери эмнеге маселе чечилбей келе жатат, буга тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралашы керек»,- дейт депутат Жыргалбек Турускулов. Эл өкүлү мугалимдердин көтөрүлүүчү айлык акысы боюнча дагы так маалыматтардын берилишин талап кылды.

Депутат Кубанычбек Нурматов Кеӊеш айылындагы мектептин көйгөйүн 2016-жылдар бери ар жыл сайын көтөрүп келе жаткандыгын, тилекке каршы, аткаруу бийлиги тарабынан көӊүл бурулбай, натыйжасы бүгүнкүдөй сынга кабылып отурганын билдирди. Ошону менен катар эл өкүлү Араван районундагы Тепе-Коргон айылындагы мектеп 99% бүткөрлүп, ачылбай тургандыгын сынга алды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 675

Окшош жаңылыктар