Депутат Улан Примов: «Өкмөт келерки жылдын март айына чейин капиталдык курулуштарды тактап, алардын тизмесин бекитип бериши зарыл»

05-09-2019 11:16

Депутаттардын баары жай мезгилинде аймактардагы абал менен таанышып келди. Чечиле турган көйгөйлөр көп экен. Өзгөчө социалдык объектилердин курулушу боюнча суроолор арбын. Ошондуктан, Өкмөт келерки жылдын март айына чейин капиталдык курулуштарды тактап, алардын тизмесин бекитип бериши зарыл. Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Акыркы жылдары социалдык объектилердин курулуштарын каржылоо маселеси август-сентябрь айларына чейин создугуп келет. Ошондон улам курулуштардын сапаты начар болууда. Алардын тизмесин апрель-май айларында эле бекитип, анан бир айдын ичинде тендерлерди өткөрүш керек. Азыр депутаттар тобу токтомдун долбоорун даярдап жатат. Өкмөт дагы мындай демилгени колдойт деген ойдомун», - деди депутат.

Андан тышкары, эл өкүлү Өкмөттөн республикалык бюджет аркылуу аймактарды өнүктүрүү үчүн бөлүнгөн 2 млрд сомдун кайда жана кантип жумшалганы боюнча маалымат берүүнү талап кылды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 654

Окшош жаңылыктар