Депутат Жанар Акаев: «Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечиш керек»

05-09-2019 10:46

Өкмөт Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечиши керек. Ал компаниянын иштөөсүнө каршы чыккандардын көбү жаштар. Укук коргоо органдары мындай маселени көтөргөн жергиликтүү тургундарды куугунтукка албай, аткаминерлер алардын пикирин эске алышы зарыл. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Ушу тапта Солтон-Сары алтын кениндеги абалды атайын комиссия текшерип жатат. Өкмөт анын ишине кийлигишпеши керек», - деди ал.

«Ак-Талаа районунда көп жылдан бери кароосуз калган Тоголок Молдонун өзү курдурган медресеси менен үйү бар. Жаштар тарыхый мааниси бар ошол курулуштарды оӊдоп-түзөп, туристтик жайга айландыруу демилгесин көтөрүүдө. Өкмөт андан четте калганы түшүнүксүз. Эмне учун мындай демилгени Маданият министрлиги колго албайт? Тезинен көзөмөлгө алышы керек», - деп кошумчалады депутат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 611

Окшош жаңылыктар