Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков майрамдык айт намазга катышты

11-08-2019 08:10

Бүгүн, 11-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Джумабеков борбор калаадагы эски аянтта уюштурулган Курман айт намазына катышты.

Жогорку Кеңештин атынан жалпы жамаатты Курман айт майрамы менен куттуктаган Төрага, бардыгына бакыт жана өлкөбүзгө бакубатчылыкта өнүгүүнү тиледи.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 8602

Окшош жаңылыктар