КР Президенти С.Жээнбеков: «Бул - эки адамдын тиреши эмес, бул – мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин тиреши»

08-08-2019 16:03

Бүгүн, 8-августта Жогорку Кеӊеште кезексиз сессия болуп жатат. Кезексиз сессия бир нече депутаттардын сунушу менен 2019-жылдын 7-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы окуяга байланыштуу, КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чакырылган.

Кезексиз жыйынга келген Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-августта Кой-Таштагы окуяга токтолуп, А.Атамбаевдин КР Конституциясын одоно бузуп, ок атуучу куралдар менен мыйзамга каршы чыккандыгын белгиледи.

Президенттин билдирүүсүндө, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин А.Атамбаевди тергөөгө мажбурлап алып келүү иш-чарасында тиешелүү мыйзамдар сакталган, А.Атамбаевдин тарапташтары мыйзам талаасынан чыгып кеткен. «Бул - эки адамдын тиреши эмес, бул – мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин тиреши»,- дейт мамлекет башчысы.

Ошондой эле ал болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары башталгандыгын айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке болгон ачуу сындарга карабастан, кечээги окуяга кошумча күч жөнөтүлбөгүнүн баса белгилеп, эл өкүлдөрүн коомдун ынтымагы, элдин тынчтыгы үчүн сабырдуу болуп, кырдаалдан чогуу чыгууга чакырды.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 9091

Окшош жаңылыктар