Кой-Таштагы башаламандыкка жол берген бардык тараптар жооп бериши керек

08-08-2019 15:25

Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында билдирди.

Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кызматынан кетиши керектигине токтолуп: “Мындай кырдаалга жол бербешиңиздер керек болчу. Атайын операция башаламан жүргүзүлгөнү анык көрүндү. Натыйжада бейкүнөө кызматкер каза таап, карапайым эл жабыркады”, – деди.

Ошондой эле депутат Талант Мамытов кырдаалга Алмазбек Атамбаев түздөн-түз күнөөлү экенин ачык айтууга чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы КР Конституциясынын 77-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна жана 34-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңешти кезексиз сессияга чакырган. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү күч түзүлдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 4722

Окшош жаңылыктар