Төрага Д.Жумабеков Ноокат районунун тургундары менен жолугушту

31-07-2019 09:27

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын иш сапары Ноокат районунда уланды.

Эл өкүлдөрү Зулпуев айыл аймагындагы  Ноокат аймактык ооруканасынын неврология жана реабилитация бөлүмдөрүн көрүп чыгышты. Бейтапкананын иши менен аймактык оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов тааныштырды.  Учурунда өтө кейиштүү абалга кептелген оорукана бүгүн таанылгыс болуп өзгөргөн.  2016-жылы 29 млн. сом менен каржыланып, эки кабаттуу имарат толук ремонттон өткөрүлгөн. Акыркы үлгүдөгү медициналык аппараттар,  керектүү эмеректер менен жабдылган.

«Азыркы учурда жол кырсыктары, жүрөк, кан тамыр оорулары абдан көбөйдү. Мындагы токтоп калган жүрөктү кайра калыбына келтирген аппараттар менен ыкчам меджардам көрсөтүп, дарыгерлерибиз көп адамдардын өмүрүн сактап калууда. Мына бүгүн да сууга аккан жаш баланын дем алуусун калыбына келтирип аман алып калдык. Эгер бул оорукана болбосо натыйжа башкача болуп калмак»,- деди  аймактык оорукананын башкы дарыгери А. Марипов.

Оорукананын чарбалык жагы-ашканасы, кир жуучу аймагы, медициналык каражаттарды зыянсыздандыруу (утилизация)  бөлмөлөрү да толугу менен заманбап жабдуулар менен жабдылган. Башкы дарыгер бир томмография аппараты жана  жабдылган тез жардам унаасы гана жетишпей турганын билдирди. Төрага бул чечилчү маселе экенин белгиледи.

Спикер саламаттык сактоо тармагында жүрөк кубанткан иштер жасалганына токтолуп, дарыгерлер жамаатына ыраазылык билдирип, иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле депутаттар тобу оорулуулардын ден соолугун сурап, бат сакайып кетишин тиледи.

Андан соң эл өкүлдөрү Ноокат районунун борборундагы Крупская атындагы мектепте болушту. Мектеп 1966-жылы курулган. 530 орундуу мектепте азыр 2000ден ашуун бала окуп жатат. Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акуш Асанбаев кошумча корпус куруу зарылдыгын белгиледи.

Төрага өз сөзүндө мындай ийгиликке жеткен үлгүлүү мектептерге жардам көрсөтүлүшү керектигин айтты. «Сиздер албетте өзүңөр үчүн эмес, эл үчүн, терең билим берүү үчүн сурап жатасыздар. Кийинки жылдарда бюджет каралып жаткан маалда кошумча корпус курууга каражат бөлүүнү караштырабыз. Маалым болгондой учурда Президент максат коюп, коррупция менен күрөш катуу жүрүүдө. Мамлекеттин акчасын жегендерди кустуруп, 1.5млрд сомго кошумча мектеп имараттары курулууда», -  деп кошумчалады Төрага.

Андан ары депутаттар тобу Ынтымак айыл аймагынын Беш-Буркан айылына барып, эл көйгөйү менен жеринен таанышты. Айыл өкмөтүнүн башчысы билдиргендей, мында айыл ортосунда  сайдан чоң сел агып, элди кыйнап келет. Көпүрө жоктугунан  мектеп окуучулары окууга бара албай калышат, - дешет жергиликтүүлөр. Бир топ жыл мурда мектеп окуучусу сууга агып каза тапканы айтылды.  Өкмөт өкүлдөрү бул маселе жакын арада чечилет, - деп эл астында убада беришти.  Белгилей кетсек, көпүрөгө 11 млн. сом талап кылынат.

Төрага Д. Жумабеков, эл өкүлдөрү Төрөбай Зулпукаров, Зиядин Жамалдинов, Өмүрбек Бакиров, Эрмамат Тагаевдер Ноокат шаарында район активдери менен жолугушуп, аймактагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоодо.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 4055

Окшош жаңылыктар