Депутат Бакыт Төрөбаев айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

12-07-2019 12:37

Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев Bio-KG органикалык кыймылы, Кыргыз күнөсканалар ассоциациясы, Кыргыз-эт ассоциациясы, Канаттуулар тармагы сындуу бир катар айыл чарба өндүрүүчүлөр бирикмелеринин өкүлдөрү менен айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселеллерди чечүү жолдору жаатында пикир алышты.

Депутат Бакыт Төрөбаев элеттиктердин турмуш-жайынын жакшырышы өлкөдөгү туруктуу өнүгүү белгилеринин бири экенин, өзү жетектеген «Өнүгүү – Прогресс» фракциясы айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл буруп келгенин баса белгиледи. «Азыркы шартта айыл чарба тармагын өнүктүрүү чараларын кайрадан карап чыгышыбыз керек. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү, агрардык тармакка инвестиция тартуу, атамекендик айыл чарба өнүмдөрүн бренддештирүү зарыл», - деди ал.

Жолугушуу жүрүшүндө айыл чарба өндүрүүчүлөр бирикмелеринин өкүлдөрү деле ушундай эле пикирде экени белгилүү болду. Алар буга чейин айыл чарба тармагына, жерди жана сууну пайдалануу маселелерине карата жасалып келген мамлекеттик сайсатты өзгөртүү зарылдыгын белгилешти.

Андан тышкары, алар айыл чарба тармагынын өлкөнүн ички дүӊ өнүмүндөгү үлүшү жылдан-жылга азайып баратканын, тагыраак айтканда, 50 пайыздан 14 пайызга чейин төмөндөп кеткенин билдиришти. Алардын айтымында, илимий-изилдөө институттарына жана айыл чарба багытындагы изилдөөлөргө өзгөчө көӊүл буруш керек. Ушу тапта Кыргызстан өзүн сүт жана картошка менен гана толук камсыз кылат, ошондуктан өнүмдөрдүн башка түрлөрүнө да көӊүл буруу зарыл.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 9291

Окшош жаңылыктар