Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылынын тургундары депутат Улугбек Ормоновго ыраазычылык билдиришти

09-07-2019 10:28

Өзгөн районундагы Кызыл-Кырман айылынын борбордук көчөсүнүн жолу иштен чыгып, эски асфальтынын тамтыгы кетип, чаңызгып жараксыз абалга келгенине көп болгон. Ал боюнча айылдыктардын барбаган жери калган эмес, анын ичинде айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Удугбек Ормоновго да жолду оңдотуп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Акыры депутаттын кийлигишүүсү менен Кызыл-Кырман айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлүп, айылдыктардын көптөн күткөн тилектери ишке ашып отурат.

Жергиликтүү тургундар кубанычын тең бөлүшүү үчүн эл депутатты жолдун ачылышын көрүп кетүүгө чакырышкан. Бул чакан иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов менен Калдарбек Баймуратов катышып, айылдыктары куттуктап, регионду өнүктүрүү жылына карата кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалымат беришти. Ошону менен бирге, элдин башка өтүнүч-талаптарын угушту.

Бул иш-чарага Транспорт жана жолдор министри Ж.Бейшенов, Жол чарба департаментинин директору Ш.Иманкулов, райондук мамлекеттик админстрациянын жетекчилиги катышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 6795

Окшош жаңылыктар