Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Сузак районундагы социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулады

09-07-2019 10:14

Жогорку Кеңештин депутаттары июль айында сессия маалында аткарган иштери туурасында элге отчет берип, алардын жашоо-турмушунан кабар алууну салтка айлантып алышкан.

Мындай салттуу жолугушуулардын бири Сузак районунун мамлекеттик админстрациясынын имаратында өттү. Бул жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери да келишкен. Аталган жолугушууга катышкан ар тармактын өкүлдөрү Сузак району боюнча буга чейин кандай иштер аткарылып келген жана 2019-жыга кандай иштер пландалгандыгы боюнча маалымат беришти.

Эл менен болгон жолугушууда негизинен мектептердин курулушу боюнча чоң сөз болду. Бир катар мектептер капиталдык салымдар боюнча тизмеге киргизилип, салына баштаган. Бирок, балдарды окутууга жараксыз, Өзгөчө кырдаалдар кызматы колдонууга болбойт деген бүтүм чыгарган мектептер көп. Тизмеге кирбей калган 1908-жылы салынган, жашы 100дөн ашкан, калчылдап кулаганы турган мектеп эмнеге кирбей калды деген жүйөөлүү суроо коюлду.

Сузак районунда да жол маселеси курч турат экен. Салынгандан бери ремонт көрбөгөн, жол эле аты бар жолдор бар дешти. Ошону менен бирге эле эл тарабынан таза суу көйгөйүн эртелетип чечип берүү маселеси көтөрүлдү.

Эл депутаттары да өз кезегинде сөз алып, кабыл алынган мыйзамдар, Жогорку Кеңеш тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында элге маалымат беришти. Майыптарга кам көрүү, пенсия-пособияны жакшыртуу багытында эмне иштер жасалып жатканын эл менен бөлүшүштү.

Сузак районунун эли менен болгон жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары К.Баймуратов, А.Касымалиева, К.Зулушев, Н.Каримов катышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 5119

Окшош жаңылыктар