Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары атактуу балбан Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдык маарекесине катышты

01-07-2019 16:09

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына карата Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагында өткөрүлгөн маарекеге катышты.

Салтанаттуу маареке ат оюндары баштаган бир катар улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар менен коштолуп, келген элге таш көтөрүү жана ат көтөрүү мелдештери тартууланды.

Маарекени өткөрүүгө Дастанбек Жумабеков да Төраганын резервдик фондунан каржылык жардам бөлүп, иш-чарага Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары да көмөк көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, алп балбан Каба уулу Кожомкул 1988-жылы Суусамыр өрөөнүндө туулган. Ал күчкө толуп турган убагында 635 кг ташты 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Ал таш азыр да эл арасында “Кожомкулдун ташы” деген ат менен аталып келет.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2766

Окшош жаңылыктар