Гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдар бир катар салыктардан бошотулууда

20-06-2019 17:58

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Демилгечилер – депутаттар Мамашова А.Т., Гайпкулов И.Т., Шыкмаматов А.Н., Иманалиев К.К., Маматов А., Никитенко Н.В., Нышанов С.К., Самат Г.К., Сулейманов Б.И., Токтошев Э.Т., Шер-Нияз С.

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Искендер Гайпкулов баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдарга  өз убагында жана сапаттуу гемодиализ  кызмат көрсөтүүлөрүн алууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун милдети болуп Бирдиктүү төлөм системасында иштеген жана өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдарга гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдардын  кошумча наркка салык, сатуудан салык жана пайдага салык  төлөөдөн бошотуу аныкталган.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу жеке медициналык уюмдарга  Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда муктаж адамдарга гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору талкуусуз 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2476

Окшош жаңылыктар