“Жайыттар жөнүндө” мыйзам Жер кодексине шайкеш келтирилүүдө

20-06-2019 16:26

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Примов У.Б., Нурматов К.С., Молдобекова Г.С., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Нышанов С.К., Назаров А.К., Айдаров С.А.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин мүчөсү Абылкайыр Узакбаев мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жайыттардын айрым тилкелерин жердин башка категорияларына которбостон (транформациялабастан) жер казынасын пайдалануу үчүн берүү жагында Жер кодексине ылайык келтирүү саналат.

Аракеттеги “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдагы жайыттарды башка максаттарга пайдалануу ченеминде “жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт” деп белгиленген. Мыйзам долбоору менен бул ченемге пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана жер казынасын пайдалануудагы инфратүзүм обьектилерин куруу кошумчаланууда.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 605

Окшош жаңылыктар