Укук коргоо органдарына кызматка алууда ачыктыкка жетүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди

20-06-2019 16:22

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко мыйзам долбоорун 3-окууда жалпы жыйынга алып чыкты.

Мыйзам долбоору укук коргоо органдарынын системасына жүктөлгөн милдеттерди аткарууну жана унификациялоону, оптимизациялоону, укук коргоо органдарына кызматка алууда ачыктыкка жетүүнү, укук коргоо органдарындагы укук коргоо кызматын модернизациялоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кызматка жарандардын бирдей мүмкүнчүлүгү болгондо кызматкерлерди кесипкөй тандоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоор Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, анын ичинде ички иштер жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, жазаларды аткаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, бажы иштери жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан адамдарга, ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндөгү укук коргоо органдарында саясий кызматтарды ээлеген адамдарга карата жайылтылат.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук макамы, аларды социалдык жактан камсыздоонун кепилдиктери аныкталмакчы.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 860

Окшош жаңылыктар