Жогорку Кеӊеш Карыбек Дүйшеевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлады

20-06-2019 15:49

КР Президенти тарабынан сунушталган Дүйшеев Карыбек Арстанбекович депутаттардын басымдуу добушу менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланып, парламентте ант берди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Талапкер Карыбек Дүйшеевди депутаттарга КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Ал жогорку билимдүү, Москва мамлекеттик университетин, СССР Илимдер Академиясынын аспирантурасын бүтүргөн. Юридикалык тажрыйбасы бар, Юстициянын мыкты кызматкери.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 326

Окшош жаңылыктар