Эл өкүлдөрү шайлоочулардын койгон көйгөйлөрүнүн чечилишин аткаруу бийлигине жолдошту

20-06-2019 11:03

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында өлкө аймагындагы социалдык-экономикалык көйгөйлөр тизмектелди.

Депутат Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлгө эс алуу сезону башталганда Каракол шаарынын кире беришиндеги жолго ремонт башталып калгандыгын айтып, эми ал жол ыкчамдатылып бүткөрүлсө дейт. Ошондой эле депутат Чолпон-Ата шаарындагы борбордук базарды ишке киргизүү керектигин кошумчалады. Мындан сырткары, эл өкүлү «Коопсуз шаар» долбооруна ылайык, байкоочу камераларды орнотуу менен катар жол белгилерин дагы шайкеш келтирүүнү Өкмөткө сунуш кылды.

Депутат Тариэль Жоробеков автоунаанын техникалык паспортунун ордуна убактылуу бир баракча берилип жаткандыгына айдоочулардан нааразычылыктар келип жаткандыгын ортого салды. Эл өкүлү ал убактылуу баракча өлкө аймагына гана жарактуу экенин, чек арадан чыкканда ал баракча таанылбастыгын, аны менен айдоочулардын укуктары корголбой, канчалаган түйшүк, чыгым тартып жатышканын чечмелеп берди.

Депутат Бакыт Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, такталбаган маалымат таратууда жоопкерчилик маселесин унутпоого чакырды. Ал «Азаттык» радиосунун журналистинин Матраимовдорго байланыштуу материалын мисалга тартты.

Депутат Пархат Тулендыбаев көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев республикага жетекчилик кылып турганда ички дүӊ продукция 2.5 эсеге көбөйгөндүгүн, көптөгөн завод-фабрикалар салынып, ишке киргендигин тизмектеди. Муну менен эл өкүлү Т.Усубалиевдин ысымын жогорку окуу жайлардын бирине ыйгарууну сунуш кылды.

Депутат Марлен Маматалиев өтө оор дартка чалдыккан жарандар айла жок чет өлкөлөргө барып дарыланып келүүгө мажбур болуп жаткандыгына, ошол эле маалда каражаттары жоктор кыйын абалга туштугуп жатканына токтолду. Эл өкүлү мындай кырдаалга талдоо жүргүзүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан профилактикалык иштерге олуттуу мамиле болбой жаткандыгын сынга алып, Кореяда өз учурунда вакцинациялоого өтө чоӊ көӊүл бурулгандыктан, бул өлкөдө гепатит оорусу эч катталбаганын мисалга тартты.

Депутат Азиз Турсунбаев Ала-Бука районундагы М.Алыбаев атындагы мектеп менен райондук билим берүү бөлүмү жайгашкан имараттын эскилиги жеткендигин, балдардын окуусуна коркунуч жаралып жаткандыгын Өкмөткө багыттады.

Депутат Сайдолимжан Жураев Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочусу Абдурасул Таштанов аттуу жаран бары-жогун сатып, бөйрөк оорусуна байланыштуу кан алмаштырууга гемодиализ аппаратына түшүүгө айына 60-70 миӊ сом коротуп жаткандыгын маалымдады. Саламаттыгы үчүн жан-талашып жаткан мындай жарандар ондоп саналарын айткан депутат Өкмөттөн жеӊилдетилген түрдө гемодиализ алгандардын тизмесине аталган жаранды киргизүүнү өтүндү.

Ысык-Көлдүн, туризмдин сезонунун башталышы менен атаандашуу иретинде маалыматтык согуш башталарына токтолгон депутат Тазабек Икрамов КР Өкмөтү бул күрөшкө даяр болушу керектигин айтып, ага карата эмне чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.

Депутат Таалайбек Масабиров Базар-Коргон районунда үйлөргө электр кубатын эсепке алуучу «акылдуу эсептегичтерди» орнотууда тиешелүү мекеме кызматкерлери үй ээлерин бир гана жерден сатылган «акылдуу эсептегичтерди» (баасы 15 миӊ сом болгон) алууга мажбурлап жаткандыгын ортого салды. Эл өкүлү мындай эсептегичтер 3700 сомдон башталат деген маалыматтар бар экенин айтып, тиешелүү мамлекеттик органдардын бул жагдайга көӊүл буруусун талап кылды.

Депутат Аида Исмаилова бүгүнкү күндө калктын аялуу катмарына укук коргоо органдарынын жөнөкөй кызматкерлери дагы кирерин баса белгилеп, алар татыктуу маяна жана татыктуу шарттар менен камсыздалбай жатканына токтолду. «Алардын эмгектерин татыктуу деӊгээлде баалай албай, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого түртүп жатабыз»- дейт депутат-айым.

Депутат Аалы Карашев республикалык бюджеттин киреше бөлүгү толбой жатса, КР Өкмөтү кайдагы өсүш тууралуу айтып жатат деген маселени сандык көрсөткүчтөр менен ортого салды. Ошондой эле эл өкүлү Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жылына карата каралган каражат кандай бөлүнүп, кимге берилип жаткандыгына кызыгып, КР Өкмөтү алдыдагы сентябрь айына отчет берүүсү керектигин баса белгиледи.

Депутат Жылдыз Мусабекова борбор калаанын чок ортосундагы Эт комбинатынын кызматкерлеринин жатаканасынын жашоочуларынын кайрылуусун КР Президентине багыттады. Анын маалыматы боюнча, эт комбинаты иштебей турат делген менен анда тигүү цехтери, жер-жемиш сактоочу жайлар иш алпарууда. «Комбинаттын кызматкерлери жатакана жеӊ ичинен сатылды деген маалымат тарагандан кийин өздөрү кирип, шарт түзүп жашап алышкан. Комбинат ээлери көп жылдардан бери кызматкерлерди жатаканадан чыгара албай жүрүшөт. Соттук териштирүүдө маселени соттор элдин пайдасына эмес, эт комбинаттын пайдасына чечип жатышат»,- деген эл өкүлү өлкө башчысынан бул маселени жеке көзөмөлгө алуусун өтүндү.

Депутат Ирина Карамушкина ИИМге кайрылып, ШКУ уюмунун Бишкекте өткөн саммитине кошумча аскер күчтөрү тартылганын, бүгүнкү күндө ал күчтөр дале Бишкекте экенин айтып, анын себептерин сурады. Ошону менен катар эл өкүлү Кыргызстандан чыккан 670 кг ооганстан героини Гемранияда кармалгандыгы тууралуу маалымат тарагандыгына токтолуп, республиканын Баӊгизаттарга каршы күрөшүү боюнча мекеме эмне иш менен алектенип жатат деген маселени кабыргасынан койду.

Депутат Алиярбек Абжалиев Ош облусунун 29 миӊ калкы бар Жапалак айыл аймагында көп жылдан бери чечилбей келаткан таза суу маселеси чечилип, быйыл 29 млн сом бөлүнгөндүгүн маалымдап, КР Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар депутат Өкмөттөн башталган ишти үзгүлтүккө учуратпай аягына чыгарууну өтүндү.

Депутат Сайдулла Нышанов медицина кызматкерлеринен жуккан жугуштуу ооруларды тартипке салуу боюнча Өкмөттүн астына маселе койду. Ошондой эле С.Нышанов айдоочулардын саатына 60 км менен айдоо боюнча чекти 70ке, саатына 90 км менен айдоо боюнча чекти 110го жылдыруу боюнча сунуштарын аткаруу бийлигине багыттады. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдарды коюу менен катар айдоочуларга дагы тиешелүү шарттарды түзүп берели»,- дейт эл өкүлү.

Депутат Бакирдин Субанбеков борбор калаадан 60 чакырым алыс турган Талды-Булак айыл аймагы канча жылдан бери арыктан суу ичип келе жаткандыгына нааразычылыгын билдирди.

Депутат Карамат Орозова 2019-жылдын 6-июнунда КР Улуттук илимдер академиясынын Философия жана укуктук саясат инстиутунун директорун шайлоодо көпчүлүк добуш алган Алмаз Токтогулов директорлук кызматка дайындалбай жаткандыгын айтып чыкты.

Депутат Тынчтык Конушбаев Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл аймагындагы салынып жаткан мектеп эчак ишке кириши керектигин айтып, бирок окуу жылына эки эле ай калгандыгына байланыштуу курулушту ыкчамдатууга жардам берүүнү Өкмөттөн өтүндү.

Депутат Элвира Сурабалдиева Чаткал, Ала-Бука райондоруна болгон иш сапарында көтөрүлгөн бир катар маселелерди Өкмөттүн астына койду. Анын айтымында, аталган райондордогу кен казуу иштеринде эмгекчилердин укуктары сакталбай жатат. Убада кылынган айлык жок, керек болсо атайын кийим-кече менен дагы камсыз кылынган эмес. «Ошондой эле район акимине дагы көп нааразычылыктар айтылды»,- дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 358

Окшош жаңылыктар